Menu

УКМК: Райым Матраимов 2 миллиард сом өлчөмүндө келтирген чыгымды төлөгөнгө даяр

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-октябрда бажы органдарындагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында, Коррупцияга каршы кызматы тарабынан мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Р.Матраимовдун жүргөн жери аныкталып, УКМК имаратына алынып келинген.

Жүргүзүлгөн тергөө иш чараларынын алкагында Р.Матраимовдун кылмыштуу иш аракеттеринин жыйынтыгында республикалык бюджетке алдын ала 2 миллиард сомго жакын чыгым келтирилгендиги аныкталган.

Р.Матраимовдун күнөөсүн аныктаган далилдердин негизинде, ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча кылмышка шектүү экендиги тууралуу билдирме берилген.

Белгилей кетсек, Р.Матраимов тергөө менен кызматташа тургандыгын айтып, Кыргыз Республикасынын бюджетине келтирген, жогоруда айтылган сумманы толугу менен атайын түзүлгөн графиктин негизинде 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин төлөп берүүгө даяр экендигин билдирди. Аны менен катар алгачкы 80 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМК депозиттик эсебине которду.

Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан Р.Матраимовдун тергөө менен кызматташтыкка барганы жана келтирилген чыгымдын бөлүгүн төлөгөндүгүн эске алуу менен анын баш коргоо чарасы каралат.

УКМК Бажы органдарындагы коррупциялык схемалардын башка катышуучуларын аныктап, мамлекетке келтирилген чыгымдарды кайтаруу чаралары менен бирге жоопкерчиликке тартуу багытындагы иш аракеттерин улантат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: