Өткөн санда биздин гезит жазгандай эле Канатбек Исаев кечээ эркиндикке чыкты. «Үй камагына бошоду» деп сотто айтылганы менен баштагы кылмыш иштеринин баары мыйзамдуу талаада жокко чыкканы калды. Себеби, Атамбаевдин режими «Коррупция» жана «Мамлекетти басып алууга даярдык көрүү» деген сыяктуу жалган жалааларды жаап келген. Акырында анын актыгы жеңишке алып баратканына көзүбүз жетип отурат. Албетте, саясый кысымдын айынан колго түшкөн Канат Исаевди азыркы бийлик өзүнө бел тутуу менен кол сунганы байкалууда. Атамбаевдин куралдуу төңкөрүшкө даярданып атканы шыбыш кеп катары токтобой атканын угуп атасыңарбы? Чуй облусунда бийликтин позициясын Туйгунаалы Абдраимов кармап турганы менен ага да таяныч керек болгон го? Соңку маалыматтар боюнча алсак, Исаевди Бишкек шаарына мэр кылуу менен мамлекеттин туруктуулугун сактап калууга жаңы идея бышып калганын эшиггик. Орто жолдон эле кимдир бирөөлөр бузуп жиберишпесе… Ким билет, сентябрда Канат мырза Жогорку Кеңештеги ордуна депутат болуп келгиче, ага чейин Бишкек мэри болуп шайланышы да логикага төп келип тургандай…
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ