Бүгүн, 23-июнга карата Кыргызстанда дагы 163 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 94, Чүй облусунан – 22, Ош шаарынан – 16, Ош облусунан – 9, Баткен облусунан – 1, Жалал-Абад облусунан – 13, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 7 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 3519га жетти. Алар:
– Жалал-Абад облусунда — 246 адам;
– Ош облусунда — 351 адам;
– Ош шаарында — 378 адам;
– Бишкек шаарында— 1242 адам;
– Нарын облусунда — 457 адам;
– Чүй облусунда — 467 адам,
– Баткен облусунда — 44 адам;
– Талас облусунда – 34 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 60 адам.
– Чет өлкөлөрдөн келген жарандар – 240 адам.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 33 бейтап ооруканадан чыгарылып, алардын жалпы саны 2054кө жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 8 адам; Чүй облусунан – 12 адам, Ош шаарынан – 6 адам; Жалал-Абад облусунан – 4 адам, Нарын облусунан – 3.
Өткөн суткада 1 бейтап оорудан улам каза болгон.
“Кыргыз-түрк ооруканасынан 1964-жылы төрөлгөн аял киши көрүлгөн араттерге карабай, өлүмгө дуушар болду” – деп билдирди Мадамин Каратаевю
Илдеттен улам каза болгондордун саны 41ге жетти.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ