Menu

Ренат Самүдүнов, жарандык активист: “КСДП” келечекте “Алга Кыргызстан” менен “Ак Жолдун” кейпин кийет

Бөлүшүү:

КСДПнын мурдагы мүчөсү, партия тууралуу жакшы билген жарандык активист Ренат Самүдүновго “КСДПнын мындан аркы тагдыры кандай болот?” деген соболубузду узаттык.

– Бир топ адамдар КСДПдан четтетилди. Экиге бөлүндү. Партиянын мындан аркы саясый багыты кандай болот? Бүгүн-эртеңи тууралуу кандай пикирдесиң?

– КСДПнын келечеги көп деле үмүт бербей калды. Себеби, партия экиге бөлүнүп алып, ит жыгылыш болуп жатышканын баарыбыз көрүп эле турабыз. Мындай акыбал бийликке жагат. Себеби, бийлик эмки шайлоодо КСДПнын Атамбаев тарапташтарын шайлоого жолотпогонго аракет кылат. А «Атамбаевсиз КСДП» деген тарапты колдомуш этет (жең ичинен), бирок реалдуу колдоо көрсөтпөйт. Анткени бийлик КСДП менен Жогорку Кеңешке өз адамдарын алып келсе, Атамбаев менен болуп жаткан кармашта өзү эң негизги оюнчу экенин ачыктап коёт. Эл арасында аброю жок бийликтин мындан да аброю түшөт, эл иренжийт. Бийликке анын кереги жок. Төмөндө айткан жагдайды эске алуу менен бийлик башка партияны колдоп, өзүнө ылайык адамдарды Жогорку Кеңешке алып келет. Жыйынтыгында эки КСДП тең Жогорку Кеңешке келе албайт. «Атамбаевсиз КСДП» бийликтин колдоосу жок Жогорку Кеңешке келе албайт. Аларда каражат маселеси жок, андан тышкары элди ээрчите ала турган деле идея жок. Эл арасында «Атамбаевсиз КСДП» – бийликтин оюнчугу» деген туруктуу коомдук пикирге ээ болуп калды. Аны өздөрү деле жашырбай калышты. Аларды же оппозициячыл маанайдагы эл колдобосо, же бийлик колдобосо, 2020-жылдагы шайлоону жеңип келиши кыйын болот. Атамбаев тараптагы КСДПны да эл колдобойт. Себеби, биринчиден, Атамбаевдин мамлекетти башкара албаганын эл өз жонтериси менен сезген. Экинчиден, бүгүнкү болуп жаткан окуялардын башында Атамбаев өзү турганын элдин баары билет. Атамбаев бул бийликке деле каршы чыкмак эмес, эгер Жээнбеков Атамбаевдин тилин алып, иш алып барганда. Жеке таарыныч экени ачык эле көрүнүп турат. Атамбав жана жакындары үчүн эң жаманы – Кой-Ташта Атамбаевдин жана командасынын айынан кан төгүлдү. Алар канчалык ошол окуяны бийлик тарапка оодарганга аракет кылбасын, эл баарын көрүп турат. Интернетте да баардык видеолор, далилдер бар. Ошол себептен КСДПнын келечеги абдан бүдөмүк.

«КСДПнын келечегин ойлойм» дегендер КСДПны реалдуу реформа кылып, эл ишенимине жетүү үчүн алгылыктуу кадамдарды жасабаса, «Алга Кыргызстан», «Ак Жолдун» кейпин кийет.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: