Казакстандын Алматы шаарында волейбол оюну боюнча жаш курагы 17ден ашпаган кыздар арасында эл аралык мелдеш өттү. Казак спортунун чебери Оксана Кимдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдешке жалпы жонунан 11 команда күч сынашты. Кыргызстандан эки команда барган. “Дордой-Намыс” менен “Салам-Алик” курамы. Мелдеш курч мүнөздө өтүп, “Дордойдун” кыздары татыктуу 3-орунду камсыз кыла алса, “Салам-Алик” командасынын кыздары финалда Алматы шаарынын “Алматы” курамынын “өпкөсүн үзүп”, алтын медалды бөктөрүп келишти. “Салам-Аликтин” кыздары азамат экен!
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ