Menu

Нарматов Абдишүкүр, Аалымдар Кеңешинин төрагасы: “Эр достугу – эгиз, эл достугу – деңиз”

Бөлүшүү:

Өзбек лидери Шавкат Мирзиёевдин Ислам кызматташтыгы уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин 43-сессиясында мусулман дининин баалуулуктарын коргоого жана Ислам дүйнөсүнүн ойчулдарынын жетишкендиктерин жайылтууга чакырган сөзүн өзгөчө сүйүнүч менен кабыл алдым. Өзбек лидери өз сөзүндө Имам ал-Бухари, Имам Тирмизи, Абу Райхан ал-Бируни, ал-Хорезми, Имам ал-Матуриди ж.б.у.с. улуу аалымдардын ошол аймактан чыккандыгын эске алуу менен Ислам дүйнөсүнүн окумуштуулары менен ойчулдарынан калган дөөлөт-мурастарды үйрөнүү багытында Ислам кызматташтыгы уюмунун астында Самарканд шаарында эл аралык Ислам илимий-изилдөө борборун түзүүнү сунуштаганы да өзүнчө колдоого жана алкышка алына турган сунуш болду. Мына ушуларды угарым менен аз да болсо, ушул маселелер жана кыргыз-өзбек мамилелери тууралуу өз оюмду сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм.

Чынында эле көз тийдиби же башка нерсе болдубу, ушуга дейре баары көрүп күбө болгондой эле акыркы кездери кыргыз-өзбек элинин мамлекеттер аралык мамилелери аябай эле салкындап кеткен болчу. «Өлбөгөн жанга жаз да келээр» дегендей азыр болсо ошол «муз эрип», эки элдин бири-бири менен болгон карым-катышы оңоло баштады.

Кыргыз-өзбек мамилеринин күтүүсүздөн оң багытка көзгө көрүнөөрлүк деңгээлде жакшыра башташы Шавкат Мирзиёевдин өлкө жетекчилигине келиши менен түздөн-түз байланыштуу деп ойлоймун. Албетте, мындай иштерде биздин өлкөнүн жетекчилиги тарабынан да жүргүзүлгөн дипломатиялык иш-аракеттердин өз орду бар. Маселен 2016-жылдын 24-июнунда Ташкентте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунунун жыйынында президентибиз Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстандын ошол кездеги президенти Ислам Каримов менен жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушуусу болгон. Ошол жолугушуудан кийин кыргыз-өзбек мамилесинде жылыш башталды десек болот. Анын жыйынтыгы менен өкмөттөргө бир топ тапшырма берилген. Президент Каримовдун көзү өткөндөн кийин биздин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиёевдин Самаркандда жолугушуусу болуп, анда да эки тараптуу кызматташуу маселесин талкуулашкан. Аны улай сентябрь айында Бишкекте өткөн КМШ мамлекет башчыларынын жыйынын алкагында өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр болду.

Жыйынга Өзбекстандын жетекчилери келе албай калганына байланыштуу тышкы иштер министри А. Камилов катышкан. Министрдибиздин президент жылуу кабыл алып, өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Андан көп өтпөй эле Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри М. Абылгазиев баштаган 150 адамдан турган делегация Анжиян шаарына барып келди. Алардын арасында Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев жетектеген бир топ диний кызматкерлер да бар болчу.Ошол визит учурунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.Мына ошол иш-аракеттердин алкагында Кыргызстанга да Өзбекстандын делегациясы келип олтурат.

Эми мен ушул эки элдин өз ара мамилеси тууралуу айта кетсем: Чын-чынына келгенде кыргыз менен өзбектин бөлүшө албай турган, талаша турган эмнеси бар? Эгер биз өзүбүздү чын эле мусулманбыз десек, анда биздин бири-бирибизге бир тууган болуудан башка жолубуз жок. Башка жолдун баары биз үчүн туура келбейт. Анын айкын мисалы катары өзүмдүн керт башымдан өткөндөрдү айтсам болот. СССР ыдырай баштаган учурда 1989-1993-жылдары Ташкент шаарындагы Имам ал-Бухари атындагы Ислам институтунда окуп калдым. Ошол кезде мен эч ким тарабынан «сен кыргызсың» деген кодулоого же бөлүп-жаруу иштерине дуушар болбодум. Ал гана эмес ал учурда антип улутка же урууга бөлүү деген нерсе эч кимдин оюнда жок болчу. Эгер тарыхка үңүлүп карай турган болсок, деги эле кыргыз менен өзбектин бирин-бири четтеткени болгон эмес. Мындай бөлүнүү XIX кылымдан кийин гана ошол кездеги бир топ саясатчылар же азыркы тил менен айтканда политтехнологдор тарабынан «бөлүп-жаргын да, анан каалаганыңдай башкара бергин» деген ураан астында жүргүзүлө баштаган урууларды улутка, диалекттерди тилге айлантуу иштеринин «мөмөсү» болуп саналат. Ошентип олтуруп түрк элдеринин ар кайсы диалектилери өзүнчө тил, эли болсо өзүнчө мамлекет болуп, мурдагы биримдиги калбай калды. Ал гана эмес мурдагы кездери бул жагы Кызыл-Суудан тартып, ал жагы Стамбулга чейинки аралыкта жашаган түрк элдеринин жазуусу, колдонгон ариби, сүйлөгөн тили да бир болгон. Андыктан теңиртоолуктун же бухаралыктын жазган катын Стамбулдагы адам кенен-кесири окуп, эч кандай тилмечсиз эле түшүнгөн. Азырчы? Азыр андай болбой калды. «Тил – дилдин тилмечи» дегендей тилдин ошентип бөлүнүшү менен ошол тилди сүйлөгөн элдер да бири-биринен ажырай баштады. Ошентип ортодо кандайдыр бир деңгээлде ажырым пайда болду. Эми мына ошол ажырымды бүтөп кетүү да же биротоло ажыратып салуу да жетекчилерибиздин колунда. Андыктан Алла Тааладан жетекчилерибизге өз кызыкчылыгына караганда элдин кызыкчылыгын өйдө койгон кыраакылык менен даанышмандыкты тилеп кетемин.

Эми дагы артыбызга бир кылчайып карайлычы: Чындыгында мурда «Маварауннахр» деп аталган бул чөлкөмдө же болбосо биз жашап жаткан Орто Азия аймагында жашап келген ата-бабаларыбыз Ислам динине, илим-билимге убагында аябай зор маани бергендиги себептүү жогоруда аты аталгандар сыяктуу аалым-окумуштуулар көп чыккан. Ансыз да биз алиге дейре ошол залкар инсандарыбыз менен сыймыктанып келебиз. Андан сырткары ошол доорлордо биздин жергебизден да Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари-Барскани, Имам Сарахси, Сиражиддин ал-Оши сыяктуу бир топ аалым-окумуштуулар чыкканын айтпасак да элибиз жакшы билет. Бул аалым-окумуштуулар деле кыргыздын гана эмес, жалпы мусулман элдеринин сыймыгы болуп келет.

Эми аз да болсо улутчулдук тууралуу сөз козгой турган болсок: Ислам мусулмандардын, деги эле бардык элдердин  ортосундагы улутчулдукка, улуттук белгилери, терисинин түсү, көзү, тили боюнча бөлүүгө, жек-жаатка бөлүнүп, өзүн же өзүнүн тарапташтарын башкалардан өйдө көрүүгө, көрө албастыкка катуу тыюу салат. Бир сөз менен айтканда, мындай иштер шариатта арам болуп саналат.

Алла Таала Адам атаны (алейхис-салам) жаратып, периштелерине ага сажда кылууну буюрду. Ошондо периштелердин баары Алла Тааланын буйругун аткарып Адам атага (алейхис-салам) сажда кылышкан. Бир гана алардын арасында болгон (жин) Иблис Алла Тааланын буйругун аткарбай, сажда кылуудан баш тарткан.Алла Таала буйрукту аткарбай, сажда кылуудан баш тартуусунун себебин сураганда, Иблис: «Мен андан жакшыраакмын, өйдөрөөкмүн. Мени оттон, а аны ылайдан жараттың», – деп, өзүн Адам атадан (алейхис-салам) өйдө көргөн. (Сод сүрөсү, 38/75-76; Аараф сүрөсү, 7/12.) Ошентип Иблис бузукулукка биринчи болуп кадам таштады жана өз коомун башкалардан өйдө көргөн улутчулдар менен элди бөлүп-жаруучуларга башкы лидер болду. Башкача айтканда, улутчулдукка, бөлүнүп-жарылууга биринчи кадам таштаган Иблис болду. Ошондуктан кимде-ким бөлүнүп жарылууга кадам таштай турган болсо, ал түздөн-түз шайтандын жолун жолдогон болот.

Чындыгында Жараткан Алла Таала ыйык Куранда: «Жакшылыкта жана такыбалыкта бири-бириңерге жардам бергиле. Ал эми жамандыкта жана душмандыкта бири-бириңерге көмөктөшпөгүлө», (Маида сүрөсү, 5/2.) – деп, момун-мусулмандарга жакшылык иштерде гана мусулман бир тууганына жардамдашууга үндөйт. Башка аятта болсо момун-мусулмандардын бир тууган экендиги баса белгиленген. (Хужурат сүрөсү, 49/10.)

Ислам дининин максаты – жалпы, улуттар аралык, эл аралык биримдикти түзүү болуп эсептелет. Ал эми дүйнөдө эчен түрдүү элдер менен улуттар эмне максатта жаралгандыгын Алла Таала ыйык Куранда минтип баяндайт:

«Оо, адамдар! (Чындыгында) Биз силерди бир эркек менен бир аялдан жараттык да, бири-бириңер менен таанышып-билишиңер (дос-жолдош болушуңар) үчүн силерди (түрдүү-түмөн) уруулар жана элдер кылып койдук. Алла Тааланын алдында эң сыйлууңар – эң такыбаларыңар(Кудай Тааладан айбыкканыңар)». (Хужурат сүрөсү, 49/13.) Демек, Жараткан Зат дүйнө жүзүндөгү ар түрдүү элдерди, улуттарды, урууларды бири-бирин таанып-билүүсү үчүн гана жараткан.

Ислам дининин руханий дөөлөттөрүн өздөрүнүн жан дүйнөсүнө сиңиришкен ата-бабаларыбыз эч качан улутчулдукка багыт алуу ары турсун, керек болсо маани да беришкен эмес. Ошондуктан, алар улутун эмес, кайсы жерден экендигин билдирүү максатында Маргинаний, Оший, Баласагуний, Кашгарий, Бухарий, Риштаний, Хужандий, Сарахсий деген лакап аттарды колдонушкан. Болбосо, алардын өз улутун лакап ат катары колдонуусуна эч ким тыюу салган эмес.

Андыктан, ар кандай бөлүнүп-жаруучулуктан, улутчулдуктан оолак болуп, биримдикте, ынтымакта бололу. Анткени, Жараткан Алла Таала бизге: «Баарыңар Алла Тааланын жибин (динин гана) карманып, бөлүнүп-жарылбагыла!» (Аали Имран сүрөсү, 3/103.) – деп, баарыбыздын бөлүнүп-жарылбастан биримдикте болуубузду буюрат.

Жараткан Алла Таалам Өзү бизди ар кандай балээлерден сактасын! Дайыма бар бололу, бир бололу! Баарыбызды Кудайым Өзү жалгасын!

Нарматов Абдишүкүр Ислам ажы уулу,  Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы

Бишкек шаары

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: