Алмаз Атамбаев бүгүн, 26-октябрда «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, КСДП, «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» депутаттык фракцияларынын ортосундагы 2015-жылдын 2-ноябрындагы коалициялык макулдашуунун негизинде түзүлгөн фракциялардын коалициясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги парламенттик көпчүлүк статусун жоготкондугу жөнүндө расмий жарыялангандыгына байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 84-беренесинин 7-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык токтом кылынат:
1. КСДП, «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» депутаттык фракцияларынын ортосундагы 2015-жылдын 2-ноябрындагы коалициялык макулдашуусуна ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн, ошондой эле административдик ведомстволорунун жетекчилеринин кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана административдик ведомстволорунун жетекчилеринин милдеттерин аткарууну Өкмөттүн жаңы курамынын мүчөлөрү жана административдик ведомстволордун жетекчилери дайындалган күнгө чейин улантышсын.
3. Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ