Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынында “Бишкек шаарында 2016-жылдын 12-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасы – 2-чакан программа) ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Жыйында бул маселе боюнча КР экономика министринин орун басарынын милдетин аткаруучу Элдар Абакиров баяндама жасап, бир катар суроолорго КР каржы министринин орун басарынын милдетин аткаруучу Мирлан Байгөнчөков жооп берди.
Келишим шарттарына ылайык, Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын инвестиция тармагындагы абалды жакшыртуу багытында 25 млн доллар бөлөт. Каражаттын жарымы жеӊилдетилген насыя, жарымы грант болуп саналат. Насыя 35 жылдык мөөнөткө 1,5 пайыздык үстөгү менен берилүдө.
Талкууда депутаттар ратификациялык мыйзам долбоорун колдоорун, ошону менен катар анын аткарылышына тыкыр көзөмөл кылуу керектигин белгилешти.
Ратификациялык мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ