Menu

Генерал Кубанычбек Орозбаев интрига менен күн көрбөй, пенсияга кетпейби?

Бөлүшүү:

Коргоо кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Орозбаев аттуу аксакал генерал бар. Бу кишинин жазмышына өңчөй орун басарлык кызмат жазылганбы, тээ Акаев, Бакиев, Отунбаева бүгүн Алмаз Атамбаевдин доорунда да өлкөбүздүн коргоо министринин, Генштаб башчысынын орун басары болуп, “майлуу-сүттүү” креслолордон эзели куру калбайт. Кадимки генерал Исмаил Исаковду ортого салып, далай ирет интрига жасай коюп, коргоо министри болууга далалат жасаганы менен боло албай, ички ызасын интрига жасоодон чыгарганы айтылат. Эми ушул аксакал 67 жашка караса деле пенсияга кетишти ойлобой, өмүрү аскердик өтүк кийип көрбөгөн шефи Темир Жумакадыровдун астында жөргөлөп иштегени кайсы акылга сыят? Баласындай болгон запастагы лейтенанттын астында генералдын бөкчөңдөп жүгүрүп жүргөнүн элестетип жатасыңарбы? Намыс кайда? Куралдуу күчтөрдөгү боткону Жумакадыров экөө чалып жатканы жалганбы? Карачечекей күйөө баласы англичан экендиги, өзү да ара-чолодо океандын ары жагына каттап тураары каңкууланды. Өлкөбүздүн сырын СЭМ байкелерге ачып жибербейби? Пенде болгон соң түркүн ойлор келет экен да. Жетимишке таяган курагында жаштар менен тең-тайлаша кызмат талашпай, генералдык пенсиясына шүгүр кылып, “интриган генерал” деген атка конбой үйүндө эле отура бербейби?

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: