Menu

Түлеев неге таарынган?

Бөлүшүү:

Эми пендебиз да. Бул турмушта кандай гана жаңылыштыктар болбойт дейсиң? Кээде элди башкарган падышалар деле жаза басып алып кокуйлап калышаарын тирүүчүлүктө көрүп, угуп жатабыз го. Айрым бийликтин эркеси болгондор колунан баары келип турганда сайрандоонун жүзүнчү ырын ырдашып, көздөрүн май басканы эч убакта калп болгон эмес. Анан кырдаал өзгөргөндө камалып “зек” деген атка конуп жатышпайбы? Ошолордун арасындагылардын ичинен “көрүнүктүүсү” Нариман Түлеев болгонун да бир ирет баса белгилеп кетели. Капчыгы калың экен түрмөдө да кымыран ичип айласы таарыган жок башкаларга окшоп. Көрсө камакта деле акчалуулар баркталат экен, керек болсо положенецтин “акырынан” чогуу “жемге” татыктуу болгону кызылдай чындык. Анын сыңарындай Нариман бир гана – эркиндикти самап турду, акыры чыкты.

Тагдырдын жазмышын кара, күндөрдүн бир күнүндө учакта мурдагы ажо менен бет келип калбаспы? Экөө төрт саатка жакын убакытты бирге өткөрүшүп, далай таарынычын Нарикең бежиреп алды. Анын көпчүлүгүн кайра шардана кылып салганына эрдемсигени менен анчалык аброй таппады. Болгону айрым жазмакердин “курмандыгына” айланды. Түлеев баарын эле жая салбаптыр. Өткөндө анын дагы бир таарынычын Алмазбек мырза токуй кетти. Көрсө эмне үчүн Келдибековдун кыймылсыз мүлкүн меникиндей кылып мамлекетке кайтарган жоксуңар деген суроосун да берүүнү унутпаптыр. Чамасы топтоп алган байлыгынын колунан ыргып кеткенине ичи ачышса керек. Эми ал томурайып кедей болуп калган жок да, калган байлыктары деле талаада калтырбастыр?

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: