Бүгүн, 27-декабрда КР Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаев парламенттин маалымат жыйындар залында пресс-конференция берип, Белиз мамлекетинин юридикалык мекемесинен келген 4 документ менен журналисттерди тааныштырды.
Ал документтер УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев менен Алмаз Атамбаев 16-ноябрда телеканалдар аркылуу расмий жарыялаган Текебаев, Салянова, Шыкмаматовго каршы Белизгейт документтери жасалма экендигин, аны жасап берген “Авалон” фирмасы 2 жыл мурун жабылган эл аралык масштабдагы аферисттер экендигин тастыктайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ