Menu

Бегалы Наргозуев досу Суваналиев менен Бабановду колдошот

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык кеңешине карай бир катар саясый күчтөр баш кошуп, биригүү расмисин башташты. Каршылык көрсөтүү кыймылын түптөп, бүгүнкү бийликтин келишкис оппоненттерине айланган Бегалы Наргозуев досу, айтылуу генерал Өмүрбек Суваналиев экөө жергиликтүү жана шаардык кеңештердин шайлоосуна карай “Республика” партиясына жардам бермей болушту. Эсиңерде болсо, өткөн жылкы парламенттик шайлоодо да генерал Суваналиев өнөктөштөрү менен үкасы Өмүрбек Бабановго жардам берип, расмий жыйынтыкта өлкө аймагы боюнча “Республика” партиясы 2-орунга чыгып, бир катар партияларды “тебелешип”, чаңында калтырышкан. Бишкек шаардык кеңешине болчу жарышта да “Комиссар Катани” достору менен Бабановду колдоп чыгышса, анда эле “Республика” партиясы “уруп чыкты” дей берсеңер болот. Айланасына жаштардан команда курап, акыл-кошчулугуна Суваналиев сындуу тажрыйбалуу агаларын тарткан Бабановдун айлакерлигине таңдана берсеңер болот.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: