КР УКМК ККК Өзбекстан республикасынын Мамлекеттик копсуздук кызматы менен биргеликте жасалма акча каражаттарын даярдап, саткан эл аралык кылмыштуу тобунун ишине бөгөт коюлду
КР УКМК ККК Өзбекстан мамлекетинин Мамлекеттик копсуздук кызматы (МКК) менен биргеликте Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынан турган, жасалма акча каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү каналын түзгөн эл аралык кылмыш тобунун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-февраль күнү билдирди.
3-февралда ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине мурда катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Өзбекстандын Наманган шаарында жасалма (жүз долларлык купюралар) 20 000 АКШ долларын сатуу учурунда КР жараны «М.Н.»кармалды.
Азыркы убакта КР УКМК Башкы башкармалыгы тарабынан жасалма акча каражаттарын даярдоого катыштыгы бар адамдарды аныктоо багытында ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ