Бийликтин Конституцияны өзгөртүү оюнуна катар маалыматтык чабуул да президенттик аппараттын тилегине каршы чыгып жаткандарга аёосуз колдонула баштады. Бүгүн өлкөдөгү негизги маалымат каражаттарын Ак үйдүн 7-кабаты “минип алгандыгын” ким танат? Маалымат булактарына “минип алышкан” президенттик аппараттагы кызматкерлердин тукуруусу менен бир катар саясый күчтөргө бир беткей каралоо материалдарын дүңкүлдөтүшүп, тең салмактуу баланс сакталбай, маалыматтык террорго ык коюшканын сезишээр бекен?
Мамлекеттик дүжүр телеканалдарды эсепке албаганда да, жеке менчик бир катар басылмалар, телекомпаниялар, маалыматтык сайттар президенттин айланасындагылар тарабынан катуу көзөмөлдөнүп, бир учурдагы Бакиевдердин доорун элестетүүдө.
Кезегинде бүткүл маалымат каражаттарын (бирин-экин гезиттерди эске албаганда) бийлик оппоненттерине каршы “айдактаган” Максим Бакиев менен Малеванаянын тагдыры эмне менен бүткөндүгү коомчулуктун эсинен чыга элек. Турмуш деген ар кандай болот. Бүгүнкү бийликтин маалыматтык саясатын колго алышкан “арзыматтар” азыртадан ойлонушпаса, эртең кеч болуп, бармагын тиштеп калышпаса болду…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ