Президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрь күнү ишеним грамотасын тапшыруу үчүн келген 9 өлкөнүн элчилери менен жолугушуусунда бир топ сөз сүйлөдү. «Негизи, мен ишкер, өлкөдөгү эң бай киши болчумун. Биринчи жеке фирмамды СССР убагында, Горбачёвдун тушунда эле ачкам. «Форум» фирмасы 1989-жылы катталган. Мен Мерседес менен жүргөндө, президент Акаев Волга менен жүрчү. Ошондуктан мени шыбап башташкан, жыйынтыгында мени оппозиционер саясатчы кылышты. Менимче, буга өкүнүшсө керек», — деди. Ошентип, бул жолугушууда да ичтеги бугун айтканга жетишти. Учурда билдирүүлөрү социалдык тармактарда чоң талкууга алынууда. Акаев болсо «Атамбаев жазуучуларга бөлүнгөн миллиондорду жымырып алган, ошонун арты менен байыган» – деп билдирген эле. Ошондо Акаевдики туурабы же Атамбаевдикиби?
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ