Өткөндө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Курман айт намазында «Муфтияттын айтканын уксак өнүп-өсөбүз» дегенди айтып элдин эсин эңги-деңги кылды эле. Мына ошол сөзгө шыктанган чуулгандуу жоруктары менен таанымал Чубак ажы Жалилов мектептерде балдар менен кыздарды бөлүп окуткула дегенди жар салды. Мамлекет жетекчилери дин менен мамлекеттик кызматтын чегин билбей, дин ишмерлерине кулдук уруп жаткандын кесепети ушундай болот. Мунун аягы келип халифат маселесине барып такалат. Шариатта андай эмес мындай, бул жакка баспай ары бас, жатпа, тур, турба, отур деген догмалар таңуулана баштайт. Ошондуктан өлкө жетекчилери дин ишмерлерине сыйынып, динди саясатка аралаштырып, мамлекеттик деңгээлде тоңкочук атканды токтотуш керек. Дин мамлекеттен бөлүнгөн. Андыктан саясатташтырбай дин эрежелерин сактап, мамлекеттик иш-чарада даават жүргүзгөнгө тыюу салынышы милдет.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ