Menu

Кылычбек Султанов, Кыргызстандын Малайзиядагы экс-элчиси: “2009-жылы президенттик шайлоодо Атамбаевдин талапкерлигин колдогонум үчүн бийликтин кысымына, куугунтуктоого дуушар болгом”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов менен маек

– Коомчулукка Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болгонго чейин эле Кыргызстандагы эң нускасы көп “Супер Инфонун” кожоюну катары таанылгансыз. Азыр эми бул гезитти Өмүрбек Текебаевге сатып жиберген деген сөздөр жүрүүдө. Ушул чынбы?

– Жок, бул маалыматтар чындык эмес. Мындан 12 жыл мурун гезиттин чыгымдарын жабуудан кыйналып, Атамбаевге өнөктөш болуу сунушу менен кайрылууну чечкем. Анткени, ал киши менен 17-18 жыл илгери таанышып, жылуу пикирде калган элем. Бирок, ошол убакта сунушумду Атамбаевге жеткирүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Антип чарпылганымдан көп өтпөй эле компаниямдын ишин оң жолго коюп, эч кимдин көмөгүсүз эле бутуна тургузуп алдым. Ошондон кийин гезитти бирөөгө сатуу, же бөлүшүү боюнча ой да жаралган эмес. Кийинчерээк саясатка аралаштым, депутаттыкка ат салыштым. Гезиттин иши көп убакытты алат эмеспи, менин убакытым чектелүү боло баштады. Эки жактама болбой, бир жакка баш-отуң менен берилгенде гана жыйынтык чыгып, ийгилик жарата алаарыңды жакшы билем. Андыктан, компанияны жубайыма толугу менен өткөрүп бердим. Бул мен мамлекеттик кызматка дайындалганга чейин эле болгон.

– Сиз элчилик кызматка “Ата Мекен” партиясы аркылуу дайындалдыңыз. Текебаев Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин эле сиз аны колдоп, кызматыңызды өткөрүп бердиңиз. Текебаев үчүн кызматтан баш тартканыңызга өкүнбөйсүзбү?

– Элчилик кызматты Текебаев үчүн эмес, кыргыз элинин, анын ичинде өзүмдүн балдарымдын келечеги үчүн таштадым. Жасаган эмгегиң үзүрлүү болуп, жыйынтыгын берсе албетте кубанасың. Кызматта турган эки жылга жетпеген убакыттын ичинде үзүрлүү эмгектендим. Элибиздин пайдасы үчүн дагы да аткара турчу көп пландарым бар эле. Бирок, мен үчүн кызматтан дагы мамлекеттибиздин туура эмес багытка бет ала баштаганын токтотуп калууга салым кошуу орчундуу болду. Башмыйзамды өзгөртүү боюнча президент менен көз карашым төп келбей калганын ачык айтууну туура көрдүм. А президент болсо анын пикирин туура эмес дегендерди кызматтан алуу мүмкүнчүлүгүн берген укугунан пайдаланды. Кыскасын айтканда, өзүмдүн тагдырыма эмес, мамлекеттин тагдырына өкүнөм.

– Кызматтан кеткениңизден кийин бийлик тараптан кысым болбодубу?

– Азыркы ыргакта кете берсек, келечекте сөзсүз кысым болушу мүмкүн. Анткени, өлкөбүздө диктатуранын карааны көрүнө баштады. 2009-жылы президенттик шайлоого чейин жана шайлоо маалында бийликтин кысымын үй-бүлөм менен сезгем. Ал кезде Атамбаевдин талапкерлигин колдогонум үчүн бийликтин кысымына дуушар болгонума күбө болгондор бар.

– Сөз эркиндигине чектөө киргизилип, айрым өлкөлөрдөгүдөй акыбал бизге да келиши мүмкүнбү? Дегеле учурдагы сөз эркиндигине кандай баа бересиз?

– Сөз эркиндигин ким бийликке келсе эле өздөрүнүн менчигиндей көрүшөт экен. Ар башка мамлекет ар башка эл өзүнүн тарыхына, маданиятына, мүнөзүнө жараша сөз эркиндигине ар башкача мамиле кылышат. Биздеги сөз эркиндиги бул – кыргыз элибиздин менчиги, элибизге тиешелүү табигый нерсе. Бул аба, суу сыяктуу эле элибиздин кылымдан кылымга жашоосу үчүн Кудайдан берилген табият. Аны бууп коюу, чектөө киргизүү – элибиз үчүн өлүмгө тете. Ошондуктан, сөз эркиндиги жоголсо, же кыргыз жоголот, же аны жоготкусу келген бийлик жоголот.

– Конституциянын өзгөртүлүшүнө каршы болуп атасыздар, бирок түпнускасы табылбай атканына карабай бийлик көздөгөн тарабынан баш тарта турган түрү жок. Референдум өткөрүлмөй болду. Ушинтип эле жеңилгенге аргасыз болосуздарбы?

– Азыркы саясий процесстер бири жеңилип, экинчиси жеңе турган сынак эмес. Жеңилсе жалпы эл жеңилет, жеңсе да жалпы эл жеңет. Себеп дегенде, каршы тарап да, колдогон жак да биздин элибиз. Конституциянын өзгөртүлүшүнө каршылык көрсөтүүбүз бүгүн өз максатына жетпей калышы толук мүмкүн. Бирок, эртеби-кечпи, тарых алдында баары бир чындык жеңет. Муну эч ким тана албайт.

– Мындан аркы кадамдарыңыз кандай болот, алдыга койгон кандай пландарыңыз бар?

– Баарынан да мени өлкөбүздүн келечеги кооптондурат. Мамлекетибиз, мекенибиз жалгыз. Аны сактоо, алдыга жылдыруу биздин, жарандарынын милдети. Ошондуктан, кыргыз элинин келечегине кайдыгер карабаган мекендештерим менен чогуу урпактарыбыздын жаркын жашоосу үчүн колдон келген аракетимди жасайм.

Гүлмайрам Турусбекова

Булак: “Майдан. kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: