Элвира Сариева деген эрке кызы бар СДПКнын. Атагынан чатагы көп. Мына ошол чунак кыз озунуп иштен кетүү боюнча арызын жазыптыр. Эми анын жаңы өкмөттүн курамынан көрөөрүбүз деле арсар болчу да. Буга чейин да партиянын беделине бир топ көлөкө түшүргөн бул кургур кыз жөн жатпай, министрлик ордуна жардамчысы Айбек Жунушалиевди сунуштап ар бир эшикти тешип жүргөнүн эшиттик. Айбек Жунушалиев буга чейин миграция кызматында иштеп, ал кызмат кыскарып кетип, экс-шефи Сариева Билим берүү министрлигинин статс-катчысы кылам деп буту-бутуна тийбей чуркап, жыйынтыгында ал ою ишке ашпай, айла жок жардамчы кылып жанына алып калган эле. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, Жунушалиевге статс-катчылыкты алып берем деп азыркы статс-катчы Калыс Шадыканов менен кырды бычак болуп кырылышып канча жүрдү. Эми да болсо шүк олтурбай чунак кыздын чуркап жүргөнүн кара.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ