Menu

Илим мырза бийликке ор казып жатабы?

Бөлүшүү:

Ушул күндөрү мамлекеттик идеологияны жайылтып, ак-караны ажыратчу коомдук каналда башаламан, “бардак” абал өкүм сүрүп, каналдын ички ашканасында ыйкы-тыйкы абал жаралганы, кызматкерлер арасында Илим Карыпбековдун келиши менен интрига күчөгөнү каңкууланууда. Жаштыгына карабай бийликке кулдук уруунун жогорку философиясын көрсөткөн бул балакай, кечээки кыргызга тап душманындай мамиле кылган О.Малеваннаянын алдына кандай “тизе бүксө”, бүгүн да дал ошондой “өздүк саясатын” кынтыксыз аткарып, жогору жакка көлдөлөң болуп төшөлүп, 3 айдан бери бийликтин оппоненттерин тынымсыз бир жактуу шыбатуу менен алек. КТРКнын маалымат айдыңына баам салган кишиге Илим мырзанын  аракети дрессировщиктин шапалагына өйдө-ылдый секирген цирктеги жаныбарлардын жоругун элестетет экен.

Сыягы бул жигит мамлекеттик каналга жеке менчигиндей мамиле жасап, маалымат баалуулуктарын такыр талкалап, бул бийликти элге таптакыр жек көрсөтүү үчүн Конституцияга каршылар менен оппозициячыл күчтөрдү атайын күнү-түнү каралап жаткандай туюлат. Бул жоругу менен  бийликке карата коомчулуктун тескери көз карашын жайылтып, эски “шефтери” Максим Бакиев менен Оксана Малеваннаянын өчүн тымызын алып жактандай таасир калтырат. Болбосо, “бөрк ал десе баш алат” болгон бир беткей каралоолорду орду-түбү жок чагылдырбайт эле. Демек эски “шефтеринен” бийликтин оппоненттерин жаманатты кылуу аркылуу бийликке ор казуу тапшырмасы түшкөн окшойт. Дегенибиз, Бакиевдердин бийлигинин тушунда Оксана Малеванная башында турган пиар-менеджерлер (алардын бир дал ушул Илим мырза болгон) оппозицияга жугунду куя берип өздөрү элге жек көрүндү болушкан. Дал ушул сценарийди Илим кайталап жатат. Ошол себептен, өткөндөн сабак албаганына караганда эски табакташтарынын өчүн алуу максатында, атайылап бийликти жек көрүндү кылууга  кызыкдар болуп жатат десек жарашат.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: