Menu

Алмаз Атамбаев милиция кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-октябрда Алмаз Атамбаев Бишкек шаарында милиция кызматкерлери үчүн курулган көп батирлүү турак үйлөрдү ачуу аземине катышты.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жаңы конуштары менен куттуктап, бүгүнкү кубанычтуу иш-чара Кыргыз милициясынын кесиптик майрамынын алдында өтүп жатканын белгиледи.

Президент Мекенди коргоп, жарандардын коопсуздугун камсыз кылгандарга мамлекет камкордук көрүүгө тийиш экенин баса белгиледи.

«Биз күч органдарында иштегендерге көбүрөөк камкордук көрүшүбүз керек. Анткени алар күн сайын кызмат учурунда өмүрлөрүн тобокелге салышат, ал эми үй-бүлөлөрү  алардын кечинде аман-эсен үйгө кайтып келерин, же келбесин билишпейт. Ошондуктан биз чек арачыларга жана күч органдарынын кызматкерлерине өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Биз алардын, өзгөчө милиция кызматкерлеринин алдында карыздарбыз деп эсептейм.  Анткени 2005-жылы да, 2010-жылы да мурдагы ууру бийликтер милицияны жана башка күч органдарынын кызматкерлерин элдин ур-токмогуна калтырышып, революциялардын учурунда биз өз милдетин, ишин аткарышкан айрым кызматкерлерден айрылып калдык. Мындан ары эч убакта биз Кыргызстанды уурулар башкаруусуна жол бербешибиз керек. Бийлик өз элине кызмат кылууга тийиш», – деди Алмазбек Атамбаев.

Укук коргоо органдарын реформалоо тууралуу айта келип, Мамлекет башчысы Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин ар бир күч органы өз иши менен алек болоорун белгиледи.

«Милиция жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу менен алектенет. Азыр болсо, бизнесмендердин артынан түшкөн милиция бар жана тартипти камсыз кылууга аракеттенген милиция бар.  Прокуратура өзү иш козгоп, өзү тергейт, андан соң сотто айыптоочу болот. Референдумдан кийин биз мунун баарын токтотушубуз керек. Көптөр референдум эмне үчүн өткөрүлүп жатканын түшүнүшпөйт. Ал референдум Атамбаев үчүн эмес! Мен өлкөбүз артка кетпей турганына ишенем. Ошондой болсо да, машиналар жана механизмдер теориясындагыдай, “акылынан айныгандардан” коргонуунун өзүнчө системасы болгону туура. Ким кийинки президент болсо да, 3 жылдан кийин кандай парламент келсе да өлкө бийликке келип калышы мүмкүн болгон “акылсыздан” сакталышы керек», – деди Президент.

Мамлекет башчысы 2011-жылы милиционерлер үчүн турак жай куруу маселеси алгач талкууланганда мунун баары жомоктой сезилгенин моюнга алды.

«Бул үйлөрдүн тушуна милиция кызматкерлери үчүн дагы үч үй курулат. Өлкө милиционерлердин алдында карыздар. Андыктан Атамбаев баштаган бул иш уланышы керек. Эгерде кийинки жетекчилик бул жолдон тайса, мен биринчи каршы чыгам, унчукпай калбайм. Мен спикер да, премьер-министр да болбойм, бирок, ар дайым өз пикиримди айтам. Мага кулак салышат деп үмүттөнөм»,  – деп белгиледи ал.

Президент өлкөлөрдүн коопсуздугу боюнча жарыяланган  рейтингде Кыргызстан Борбор Азиядагы эң коопсуз өлкө катары таанылганын айтты. Бул – өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгегинин натыйжасы.

Сөзүнүн аягында Алмазбек Атамбаев милиция кызматкерлеринин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бак-таалай, бакубатчылык жана тынчтык каалады.

Мамлекет башчысы милиционерлерге жаңы батирлердин ачкычтарын, ал эми ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге жаңы үйдүн жанында балдар аянтын куруу үчүн 300 000 (үч жүз миң) сомдук сертификатты тапшырды.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн үч үйдүн курулушу 2016-жылдын январь айында башталган. Алардын курулушуна  437, 9 млн сом бөлүнгөн. Бардыгы болуп 3 үйдө 207 батир бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: