Menu

Видео – Бакыт Төрөбаев: “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан кандидаттар! Эч нерседен коркпогула! Биз сиздерди коргойбуз! 2017-жылы президенттик шайлоого да чыгабыз!”

Бөлүшүү:

“Урматтуу делегаттар! 11-декабрда өтө турган Жергиликтүү кеңештерге шайлоо биздин партия үчүн өтө маанилүү кампания. Биз Жогорку Кеңештин депутаттары, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы шайлоого мониторинг жүргүзөбүз. Биз шайлоонун таза өтүшүн талап кылабыз. Мыйзам бузуулар болбош керек. Административдик ресурстар колдонулбаш керек. Мен жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймактарынын жетекчилерине кайрылгым келет. Биз мониторинг жүргүзөбүз, эгер мыйзам бузсаңар, силер жоопко тартыласыңар!” – деп билдирди бүгүн, 31-октябрда “Өнүгүү” партиясынын съездинде партиянын төрагасы Бакыт Төрөбаев.

“2017-жылы биздин “Өнүгүү-прогресс” партиясы президенттик шайлоого активдүү катышат, президенттикке өзүңүн кандидатын алып чыгат. Шайлоолордун баары алтернативдүү  болуш керек. Баардык кызматтарга бир нече кандидаттар күрөшү керек. Бир гана адамды көрсөтүп, “жок, ушуну шайлайсыңар” деген болбойт. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо биздин “Өнүгүү-Прогресс” партиясына 150 миң адам ишенип добуш берди. Мына, бүгүн да биздин партиянын жактоочулары көбөйүп жатат, биз алардын ишеничин акташыбыз керек. Урматтуу кандидаттар! “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Жергиликтүү кеңештерге шайлоого бараткан кандидаттар! Силер эч нерседен коркпогула! Биз сиздерди коргойбуз! Биздин күчүбүз парламентте бар”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: