Menu

Алмаз Атамбаев: “Биз конституцияны жиндиден сактаныш үчүн өзгөртүп жатабыз, ким билет президенттикке бир жинди келип калабы кайра”

Бөлүшүү:

“Мен Москвада окуп жатканда сопромат, теория машин и механизмов дегендерди окугам да, биринчи институттан, анан ошол жерден үйрөткөн бизди, Советтер Союзунда “защита дураков” деген бар болчу да. Бир жинди келип, инженер болумуш болуп, балка менен урса да аппарат иштеш керек”, – деп билдирди бүгүн, 31-октябрда Бишкекте Алмаз Атамбаев милиция кызматкерлерине жаңы бүткөн үйлөрдүн ачкычтарын тапшырып жатып.

“Биз конституцияга ошол үчүн өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз, ким билет президенттикке бир жинди келип калабы кайра, өз чөнтөгүн гана ойлогон. Анткени адамды бийликке келгенде билиш керек экен, бийликке барганча баары тим эле эл үчүн өлөм дейт, бийликке келгенде көрүп атабыз. Анткени кыргыз элибиздин макалы бар “Жылаандын аласы тышында, адамдын аласы ичинде” деп, ошол кээ бир саясатчылардын аласын бийликке барганда көрүп жатабыз. Бийликке барганда ачкөздөнүп баса калып, элди тоносо – ал накта элдин душманы”, – деди Алмаз Атамбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: