Menu

Путин “орусиялык улут жөнүндө мыйзам” чыгарууну сунуштады

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путин “орусиялык улут жөнүндө мыйзамды” иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Докментте негизинен эмне камтылышы керектигин так айтпай, бул улуттар аралык мамилелерди өнүктүрүү боюнча стратегиянын уландысы болуп калышы мүмкүн экенин гана баса белгиледи.

“Орусиялык улут жөнүндөгү мыйзамды” иштеп чыгуу зарылдыгын Путин Улут аралык мамилелер кеңешинин жыйынында айтты. Орусия лидери мындан тышкары өлкөдөгү мигранттардын социалдык адаптациясы үчүн жооп берген федералдык орган түзүү керектигин дагы билдирди.

2012-жылы Путин “2025-жылга чейинки Орусиянын улуттук саясатынын стартегиясы жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Бул документте ар кыл элдердин этно-маданий көп түрдүүлүгүн өнүктүрүү зарылдыгы жазылган.

Кийинчерээк Улуттар боюнча федералдык агенттик түзүлгөн. Путин ага Орусиядагы элдердин биримдигин чыңдоону тапшырган. 2008-жылы орусиялык лидер өзүн “сөздүн жакшы маанисинде орус улутчулу” деп атаган.

Орусияда 200дөй улуттун өкүлдөрү жашайт.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: