Menu

Баатырбеков лидер болду

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаев күтүүсүз жерден ордун бошотуп, эми аталган фракцияны парламенттеги Коргонуу, коопсуздук жана Эл аралык мамилелер комитетин башкарган Алмаз Баатырбеков жетектеп калды. Бул орун алмашуунун себебин Канат Исаев референдум боюнча мыйзам долбооруна “каршы” деп добуш бергенин, дегеле фракция эркин добуш берүүнү тандап алганын, Конституцияга өзгөртүүлөр кириши керек бологону менен аны ар бир депутаттын “колун толгоо” менен ишке ашыруу болбой турганын, андыктан, жеке пикири үчүн фракция коалициялык сүйлөшүүлөрдө сыртта калбашы үчүн ордун бошотуп берип жатканын айтты. Бирок ал партиянын лидери катары кала берээрин бышыктады.

Ал арада коомчулукта Канат Исаев менен “Республика – Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов экөөнүн кырды бычактыгы, демек коалицияны куроо үчүн экөөнүн бирөөнү ийге келтирүү үчүн үчүнчү фракция ушундай өтүнүчкө барганы тууралуу кеп козголууда. Ал эми Алмазбек Баатырбеков болсо Канатка караганда кыйла дипломат, сабырдуу саясатчы катары коалициялык келишимдерге оңой бара алат деген пикир бар.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: