Амбициясы асманды чапчыган Канат Исаев 5-чакырылыштагы таз кейпин кийип, экинчи ирет төрдөн улагага ыргытылды. Алсак, өткөн чакырылыштагы Жогорку Кеңеште “Республика” партиясынан депутат болуп келип багы жанган бала ырысын көтөрө албай, Бабановдун “далысына” бычак саям деп фракция лидерлигинен бошотулуп, ал аз келгенсип фракциядан чыгарылып ит болгон. Ал кезде, тактап айтканда КСДП, “Республика”, “Ата Мекен”, “Ар-Намыс” фракциялары көпчүлүк коалицияны түзүшүп, Өмүрбек Бабанов премьер-министр болчу. “Республика” фракциясын Канат Исаев жетектеп, көпчүлүк коалицияны да жетектеп калган. Анан Өмүрбек Текебаев “түрктөрдөн аргымак пара алгансың” деп Бабановду күнөөлөп, Куловдун башын айлантып “Ата Мекен” менен “Ар-Намыс” коалициядан чыгып кеткен. Канат ошондо Бабановду коргобой, тескерисинче Текебаевдин сөзүн сүйлөп “көпчүлүк коалиция тарады, өкмөт отставкага кетти” деп сүйүнчүлөп чекеси жарыла кубанган. Дал эле ушул сценарий кайра кайталанды. Исаев КСДП, “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан” фракцияларынын ортосундагы түзүлгөн көпчүлүк коалициясынын бузулушуна себепкер болду. Коалициянын жетекчиси катары ынтымакты сактап иш алып баруунун ордуна, бул жолу Өмүрбек Текебаевдин тилине кирип ичтен иритти. Натыйжада фракция лидерлигинен кетип, өткөн чакырылыштагы таз кейпин кийди. Бир фракцияны жөндөп башкара албаган неме анан кайсы арына президент болуп эл башкарам деп жатат түшүнүп болбойт…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ