Menu

“Өнүгүү-Прогресс” президенттик шайлоодо өз талапкерин көрсөтөт

Бөлүшүү:

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы Бишкекте Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында 5-съезддин өткөрдү. Курултайга Кыргызстандын бардык аймактарынан 800гө жакын делегат келди. Анда алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуу, өлкөдөгү саясий абал жана партиянын ишмердиги, Бишкек шаарынын партиялык стратегиясын бекитүү маселелери каралды.

Курултайда партиянын лидери Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү саясий кырдаал, жергиликтүү кеңештерге болчу шайлоо жана партиянын ишмердүүлүгүнө кеңири токтолду. Ал өз сөзүндө:  “Биздин партия – кыска убакта республикалык деңгээлдеги партияга айланды. Муну бардыгы мойнуна алууда! Партияларды күчтөндүрүү өлкөдөгү аймактык жана урук-тууганчылык бөлүнүүчүлүккө бөгөт коет. Партиялар күчтүү болушу үчүн парламентке өтүүгө шайлоо чегин 9%га чейин көбөйтүп, жергиликтүү кеңештерге 7% менен калтыруу керек”, – деп билдирди. Ошондой эле, “Биз каалайбызбы-каалабайбызбы, Кыргызстандын ар бир мурдагы президенти жана жетекчиси – бул өлкөнүн тарыхый доору. Азыркы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев дагы өзүнүн тарыхый миссиясын аткарууда. Ар бир саясатчы шайлоонун алдында төш кагып, “мен деле президент боло алам деп кыйкырганы туура эмес. Мамлекет башчысы өлкөнүн кандай болушу керектигин жана жакынкы 10-20 жылда кандай багытта кетиши керектигин так билиши зарыл. Мындай сапаттар ар бир адамга эле таандык боло бербейт. Бирок бүгүн мен так айта алам, биздин партия 2017-жылдын президенттик шайлоосунан четте калбайт. Биз өз талапкерибизди чыгарабыз же башка, татыктуу талапкерди колдойбуз”, – деп кошумчалады.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: