Социалдык жактан маанилүү товарларга баанын кескин көтөрүлүшү болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде өкмөттө өткөн брифингде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров билдирди.
Анын айтымында, баалардын мамлекеттик жөнгө салынышы товарлардын 11 түрүнө киргизилген. «Биз алар үчүн баанын негизсиз жогорулашына жол бербейбиз. Күн сайын чекене жана дүңүнөн жеткирип берүүчүлөргө көзөмөл жүргүзүп турабыз. Албетте, эгерде алар жөнөтүүчүлөрдүн, биздин өндүрүүчүлөрдүн чыгымдарына дал келбесе, биз аларды кайрадан карап чыгабыз”, – деди Сабиров.
Мындан тышкары, Шухрат Сабиров кошумчалагандай, социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмеси кеңейтилди, ага чай, балык, туз, гречка, таруу, жашылча-жемиштер кирет.
“Учурда биз бул маселе боюнча иштеп жатабыз жана зарыл болсо, биз аларга баа койобуз” деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ