Нарын шаарында коронавирус илдетин аныктай турган көчмө лаборатория иштей баштады. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирет.
Алардын айтымы боюнча, лаборатория облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда жайгашкан жана 23-апрелде иштей баштаган. Мобилдик лаборатория күнүнө 100 ПЧР-анализ чыгарганга мүмкүнчүлүгү бар.
“Учурда ал жерде 4 адис иштеп жатат. Үчөө Бишкек шаарынан келген” – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны 682ге жетти. Анын ичинде Нарын облусунда 85 учур катталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ