Menu

Путин:«Биздин Түркмөнстан менен чечиле элек маселелерибиз да бар»

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путин менен Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун 1-ноябрда Сочиде өткөн жолугушуусу маалында эки тараптуу кызматташтыктын башкы маселелери, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана актуалдуу болгон аймактык көйгөйлөр талкууланды.

Орусия президенти «экономикалык тармактагы белгилүү болгон кыйынчылыктарга карабастан» рубль эквивалентинде өлкөлөр ортосундагы товар алмашуу өсүп жатканын белгиледи.

«Бул биздин өз ара товар жеткирүүбүз жакшы деңгээлде дегенди билдирет. 2015-жылы силердин өлкөдөн биздин өлкөгө келген импорт эки эсеге өскөн. Бул бизди кубантпай койбойт, бирок бизде чечиле элек маселелер да бар, бүгүн ошолорду талкуулайбыз», – деди Путин.

Бердымухамедов экономикалык абалды эске алганда кайсыл бир көрсөткүчтөр төмөндөгөн болушу мүмкүндүгүн билдирип, бирок акыркы жылдары экспорт-импорттун жакшы балансы кармалып турганын белгиледи.

Өлкөлөр ортосундагы товар алмашуунун башкы көрсөткүчтөрүнүн бири түркмөн газынын Орусияга экспорттолушу болгон. Бирок ал 2016-жылдын январында токтотулган.

Бердымухамедов эл аралык жана аймактык жаңжалдарда өлкөсү нейтралдуу позицияда экенин билдирип, Орусия менен болгон стратегиялык өнөктөштүктү баса белгиледи.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: