Menu

Ренат Самудинов, КСДП партиясынын жаштар канатынын лидери: «Калп эле талапкерлер тизмесинде жүрө бергендин эмне кереги бар?

Бөлүшүү:

-Ринат, соцбаракчаң аркылуу КСДП партиясынын Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлеринин тизмесининен чыгууну чечипсиң. Биз билгени, партия оппозицияда, тар жол, тайгак кечүүлөрдө  жүргөндө эле сен сынбай чын дилиң менен иштеп, партиянын жүгүн көтөрүп келдиң эле…

-Рахмат, КСДПнын чоңдору баалабаса да,  сиздер менин кылган эмгегимди эсиңерден чыгарбай жүргөнүңөр үчүн. Бишкек шаардык кеңешине талапкерлердин тизмесинде мени 54-номерге алып барып коюптур. Ошол себептен тизмеден чыгып кетүүнү чечтим.

-Буга кандай себептер болду дейсиң?

-Ачык эле айта берейин. “Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” дегендей,  КСДПнын ичинде биз президенттин курсун колдоп, коррупцияга каршы комиссия түзүп  иш алып барып келдик. Ошол комиссияны мен жетектеп келдим. Комиссиянын иштеринин негизинде бир топ КСДПнын чоңдору менен мамиле бузулду. Мисалы: мурдагы ЖКнын депутаты Турсунтай Салимовдун “Прадо” деген имаратында “притон” ачып алып, кыздарды уяты жок ишке түртүп жатканын ачык айтып чыктык. Ошондо мага жогору жакта иштегендер ачык эле “Сен мындай иш кыла берсең бизден чыгып каласың, сени эч жакка жолотпой коебуз”  – деп айта баштады.  Мен болгон жокмун. Андан кийин деле бир топ иштерди жасап келе жатам. Ошондуктан мен чоңдорго ыңгайсыз фигура болуп, дайыма өзүмдүкүн бербегеним себеп болду окшойт. Бирок мен тарых алдында корком. Мен туура эмес иштерди жаап-жашырыш үчүн 2010-жылы апрелде Бакиевдин режимине каршы чыккан жокмун. Мени колдогон партиянын ичинде жоон топ партиялаштар бар. Ошолор менен бирге иш алып барып келем. Ал партиялаштар ошол 7- апрелден кийин эмес, ага чейин биз менен чогуу жүргөндөр.

-Талапкерлер тизмесинде “чоочун”фамилиялар жүргөнүн айттың… Өзүңдүн талапкер катары борборду өнүктүрүү боюнча пландарың бар беле?

-Бишкек шаардык Кеңешине талапкерлерди сунуштаган тизмеге партиянын мурунтан бери жүргөн мүчөлөрү  абдан таң калдык. “Асмандан түшүп калган” фамилиялар абдан көп экен.  Аны эми жогору жак чечти да. Пландарга келсек, өзүм  2012-жылдан 2015-жылга чейин КСДПда Бишкек шаарынын куратору болуп иштеп келгем. Ошол себептен шаардын маселелерин жакшы билем. Борборду өнүктүрүү боюнча  биринчиден, шаардын ирригациялык системасын оңдоо боюнча конкреттүү план бар. Экинчиден, жаңы конуштардын канализация маселесин чечүүнү да долбоорлоп койгонбуз. Муну тездетпесек, бүгүнкү темп менен 30-40 жылда барып канализация маселеси чечилет. Үчүнчүдөн, жаны технологиялар аркылуу тазалыкты эффективдүү иштетсе болот.  Төртүнчүдөн, Бишкек шаарындагы жол кырсыктарды алдын алуу маселелерине жаңы мамиле жасоону аткарбасак болбойт. Бешинчиден, борборубуздагы  турак жай фондун жөнгө салып,  көп кабаттуу үйлөрдүн сабатын жана иретин ишке киргизбесек, кооптуу курулуштар арбып баратканы анык. Ушул сыяктуу көп пландарым бар эле, эми аны шаардык кеңештин талапкери болбосом деле кайсы бир ыңгайы келген күнү ишке ашырам деген үмүттө аракетимди кыла берем…

-Талапкерлерди каттоого дагы убакыт бар. Тизмеден чыгуу чечимиң өзгөрүп кетпейби?

– Жок, бул ойлонулган жана акыркы чечим. Калп эле “тизмеде талапкер” деген наам менен жүрө бергендин эмне кереги бар?!  Буга чейин деле эки жолу Жогорку Кеңешке, бир жолу Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгом. Мунун баарын ачык айтып жатканым – келечекте ката кетирбей, бийликке жылма сүйлөп, кошоматчыларды алып келбей, ачуу болсо да чындыкты айтып, эл тарапты ойлогон адамдар келсе деген эле тилек…

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: