Жогорку Кеӊеш депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн добушу менен “КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” мыйзамды кабыл алды.
Демилгечилердин маалыматына караганда, 2010-жылдын 27-июнундагы бүткүл элдик добуш берүү менен кабыл алынган КР Конституциясы чыныгы парламентаризмге жол ачты жана бийлик менен элдин ажырымын жойду. Ошол эле учурда, анын айрым жоболору коомдо талаш туудурууда. Аны Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүсүз жөнгө салуу мүмкүн эмес.
Мындай көйгөйлөрдүн чечилбей жатышы адам укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда, өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда кыйла тоскоолдук жаратууда. Акыркы алты жылда дүйнөдө көптөгөн өзгөрүүлөр болгонун, мындай жаңы чакырыктар жана коркунучтар көп өлкөлөрдө конституциялык мыйзамдар талаш-тартыштарды жаратты.
Ошондон улам, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, анын жалпы башаты жана мааниси менен айрым жоболордун карама-каршылыгын пайда кылган кемчиликтерди жоюу, парламенттик демократия шартында жаңы чакырыктар менен коркунучтарга карата тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгы жаралды.
Белгилей кетсек, эми “КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” мыйзам КР Президенти тарабынан кол коюлгандан кийин күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ