Мандатынан айрылган экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин жандоочтору журналисттер журтчулугуна кайрылышып, «шопурду сокпойсуңарбы, ал тажатты» дегендей ишарага өткөндөрү кандай? Мээрбек чындап эр жүрөк болсо, депутат кезинде айтылуу Икрам Илмияновдун катачылыктарын парламент трибунасынан коркпой-үркпөй ачыктабайт беле? Түштөн кийин, депутаттыктан шыпырылып калганда ызасын жардамчы-жандоочтору аркылуу чыгарып, алардын артына жашынуу менен «суу бүрккөнү» жакшы жышаан эмес го? Кайран жигиттин «төө кыядан өткөн соң, оо» дегени кимге кереги бар? Мээрбек үчүн депутаттыкта турганда Икрамжан жакшы, кетсе жаман болуп калабы? Кичине арыдан-бери болуп, жигит болуш керек да.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ