Menu

Эки аңги эми темир тор артында болушат

Бөлүшүү:

2017-жылдын 10-март күнү кечинде көчөдө кетип бара жаткан аялды кармап алып күч колдонуп зордуктап, уруп-сабаган эки жаранга Бишкектеги Биринчи май райондук соту кечээ күнү өкүм чыгарды. Ал эки жаран күчөтүлгөн режимде 7 жыл темир тор артына жазаларын өтөмөй болушту. Окуя боюнча айтсак, 10-март күнү кечинде 1979-жылы туулган Байжан жана 1989-жылы туулган Жаныбек аттуу эки бажа Бишкектин Достук кичи районундагы көчөлөрдүн биринде арак ичип отурушкан. Экөө тең орто кызуу болгондугу айтылат. Ошол маалда 1983-жылы туулган К.Н. аттуу аялды көзгө чалдыктырышып, Байжан аны кармап, белинен кучактап өпкүлөп кирген. Каршылык көргөзгөн аялды ур-тепкиге алышып, эл көрбөгөн, караңгы жакка алып барып эстен тандыра сабап, анан экөө аңгилик кумарларын кандырып, алмак-салмак зордукташкан. Көп өтпөй эле кылмышкерлер кылтакка илинип, ошондон бери экөөнүн үстүнөн тергөө иштери жүрүп келген. Кечээ сот өз өкүмүн чыгарып, зордукчулар сот залынан камакка алынышты.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: