Кыргызстанда чиновниктер өтө тездик менен бутуна туруп, эбегейсиз чоң байлыкка ээ болушат. Кандай жол менен экени алаканга салгандай белгилүү. Ал эми колунда байлыгы, бийлиги бар чиновниктер чет өлкөдөн там алууга шашылышып, эртең революция болсо качып кетээрине шарт түзүшөт. Бизге түшкөн маалыматтарга караганда ЖКнын депутаты Акылбек Жапаров да чет өлкөдөн үй алган байлардын катарын толуктаптыр. Тактап айтканда Багам аралында башка бирөөгө каттатып койгон вилласы бар экен. Акылбек Жапаров бир жылы «Кумтөр» боюнча комиссиянын курамында болуп кайтты эле ошол жерден бир нерсе кылган го деп турубуз. Анткени, Багам аралында канадалыктардын эсеп-кысабы бар экендигин укканбыз. Неси болсо да Жапаров эмки революцияда элден таяк жеп калбайт. Чет өлкөдө вилласы бар.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ