Menu

Жеңиш Разаков, КР вице-премьер-министри: “Курал сатуу кылмышы Алмазбек Шаршеновичтин жеке көзөмөлүндө”

Бөлүшүү:

Мамлекеттик кызматтагы өмүрүн өңчөй Баткен облусуна сарптаган полковник Разаков ушул күндөрү борбордук бийликке сиңишип, ишке көндүм мамиле кылууга өткөнү, “тили бурула” баштаганы байкалды.

 — Жеңиш мырза, буга чейинки өмүрүңүздүн көп бөлүгү Баткен облусу менен байланыштуу эмеспи. Аталган облуста сүргүндө жүргөндөй образды жаратып, көп кызматтарда да иштеп жүрдүңүз. Карьералык секирик менен өкмөткө келип, коргонуу, коопсуздук жаатын көзөмөлгө алып, ишке көнүп калдыңызбы? Бишкек эми Баткен эмес да, бир топ эле айырмачылыктар менен аксап жатасыз го ээ?

— Сен айткандай, өмүрүмдүн көп жылдары мамлекеттик кызматкер катары ишмердүүлүгүмдүн түптөлүшү Баткен облусу менен тыгыз байланыштуу. Бирок мен алыскы Баткен облусун сен айткандай “сүргүн” деп айтпас элем. Анткени, мамлекеттик кызматкерге, анын ичинде ийининде жылдызы бар погончон кызматкерлер өлкөбүздүн кайсы жери болбосун жетекчилик жөнөткөн жакка барып иштеши керек. Аталган облуста жалпысынан 19 жыл жашап, анын ичинен 15 жылдан ашуун убактысын ички иштер органдары тармагында эмгектендим. Баткенге алгач ишке орношуп барганда ага лейтенант элем. 2012-жылга чейин укук коргоо тармагынын баардык тепкичтерин басып өтүп, полковник болуп, облустун ички иштер башкармалыгын башкардым. Андан соң төрт жарым жыл облустук администрацияны жетектедим. Баткен облусу чек арада жайгашкандыктан коопсуздукту коргоп, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө маанилүү участоктордун бири болуп саналат. Экономикалык жана социалдык шарты оор, борбордон алыс, чек ара маселеси курч аймактын шарт-жагдайын жакшы түшүнгөн кадр катары 2012-жылы облустун губернаторлугуна жогорку жетекчилик ишеним көрсөткөн. Андан берки жылдар аралыгында көп иштер жасалды. Облустун инфраструктурасын жакшыртуу, чек ара маселелерин чечүү, жолдордун курулушу, элдин социалдык-экономикалык абалы кыйла жакшырды деп ишенимдүү айтса болот. Укук коргоо органынын жана мамлекеттик кызматкер катары мага ишеним көрсөтүп, кайсы жерде кандай гана иш болбосун, аны жоопкерчилик менен аткаруу башкы милдетим. Өткөндө вице-премьер-министрликке киришип жатып, Жогорку Кеңешке ант берүүгө барсам, парламент депутаттары мага “сиз Баткен облусун төрт жылдан ашык башкарыпсыз, облус үчүн эң чоң көрүнүктүү кайсы ишти жасадыңыз?” деген суроону беришти. Биз катаал шарты бар Баткен облусундагы эң чоң эки көйгөйлүү маселени өкмөттүн, парламент депутаттарынын, анан албетте, президентибиздин колдоосу менен чечтик. Биринчиси, Өзбекстандын биздин аймакта Сох деген анклавы бар. Ошол жерде ар жылы 15тен 20га чейинки ар түрдүү чыр-чатактар чыгып, эки эл катуу чабышканга чейин барган кезеңдер болгон. Биз ошол Сох анклавынын тегерегин изилдеп, бирин-экин көзгө көрүнүктүү жумуштарды жасап койдук. Тагыраагы, анклавдын айланасындагы өзүбүздүн Баткен районундагы Бөжөй, Кыштут баштаган айылдарга көз карандысыз жолдорду салып бердик. Ошону менен Кудай буюрса, ал жактагы абал тынчыды. Мындан тышкары, Сох анклавына кирбей, кыргыз аймагы менен өтүүчү Кадамжай – Бүргөндү — Баткен деген чоң ири жол долбоорун салып, ишке киргизип алганбыз. Мындай иштердин аркасында 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен бир дагы чыр-чатактуу иштер катталган жок. Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында дагы кыргыз аймагы аркылуу өтчү жол жок эле. Тажикстан менен кандайдыр бир чыр-чатактар болуп кетсе, алар жолду бууп, өздөрүнүн шарттарын кое беришчү. 90 жылдан бери чечилбей келе жаткан мындай көйгөйдү да урматтуу президентибиз баш болуп, мамлекет колдоп, Көк-Таш – Ак-Сай – Рават жолун салып, ишибиздин жыйынтыгында Ак-Сай айылын изоляциядан чыгарып алдык. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыр Ак-Сай айыл аймагында чыр-чатактар кескин түрдө азайды. Облусту башкарган төрт жарым жылдык ишимдин эң негизги жетишкендиктери ушулар деп баса белгилеп айта алам.

— Өзбекстан менен болгон эки тараптуу мамиледеги буга чейинки “тоңгон муз” эрип, өкмөттүк деңгээлдеги жолугушуулар башталды. Түштүк аймактагы аталган ашыналар менен чектешкен чек ара тилкелери мындан ары толугу менен такталып, чечилет деп күтсөк болобу?

— Өзүңүздөргө маалым болгондой, кыргыз-өзбек достугунун түбөлүктүүлүгү эки өлкөнүн мамлекет башчылары кол койгон келишим менен тастыкталган. “Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” дегендей, тээ эзелтен ата-бабаларыбыз коңшу өлкө менен ынтымакта, тыгыз карым-катнашта жашап келишкен. Кыргыз-өзбек достугун чыңдоо, байланыштарды бекемдөө, ар тараптуу кызматташтыкты арттыруу, өз ара мамилелерди өнүктүрүү эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүлөрүндө бекемделип, октябрь айынын башында өлкөбүздүн биринчи вице-премьер-министри Мухаметкалый Абулгазиев жетектеген делегация Өзбекстандын чакыруусу менен Анжиян облусуна барып келди. Ага жооп катары кыргыз өкмөтү өзбек делегациясын октябрдын аягында Ош шаарында кабыл алды. Жолугушуулар жылуу маанайда майрамдык шаң менен коштолуп, эки элдин алакасын жакшыртууга, жашоо шартын жеңилдетүүгө, өз ара көйгөйлөрдү чечүүгө дем берди. Анын жыйынтыгында чечүүнү талап кылган маселелер аныкталып, өкмөттөр аралык комиссияга сунушталды. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташууну арттыруу, чек ара көйгөйлөрүн чечүү боюнча пикирлерибиз дал келди. Буюрса, келечекте бул багыттагы маселелер ырааты менен чечилет деген ишеничтебиз. 24-августтан тартып ушул күндөргө чейин Өзбекстан менен чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча эки тараптуу комиссиялар төрт жолу кездешишти. Эки жолу Өзбекстандын аймагында, эки жолу Кыргызстандын аймагында жолугушкан комиссиялар жалпысынан 112 чек ара тилкесин изилдеп чыгышты. Бул жерде жазылбай калып кеткен дагы 58 чек ара тилкеси бар. Азыр ушул иштердин жыйынтыгында эки тараптуу “мамлекеттик чек ара жөнүндө” деген келишимди даярдап жатабыз. Эки тараптуу жумушчу топ учурда аймактарды кыдырбай, чек ара тилкелери орун алган жерлерге барбастан эми новигатор менен тапкан точкаларды кароо маселелери башталат. Жыл аягына чейин дагы эки ирет кыргыз-өзбек жолугушуулары болот.

— Чек ара кызматынан миң сандаган ок-дары, куралдар жиги билинбей жоголуп, айрымдарын мамлекеттик коргоо комитетинин кызматкерлери сатып жүргөндүгү ачыкталууда. Өкмөт башчынын бул тармактарды тейлеген өкүлү катары жаңы коалициялык курамда коргоо министри менен чек ара кызматынын башчысынын кызматтык компетенциясын кароо боюнча жогорку жетекчиликке сунуш киргиздиңизби?

— Сен атаган иштер, курал сатуу бизди деле жаман абалга кептеп койду. Бул маселе боюнча биз тыкыр иликтеп чыгып, жыйынтык чыгарабыз. Азыркы учурда аталган факты боюнча укук коргоо органдарына тапшырма берилген. Сиздерге белгилүү болгондой, бул маселе КР куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Алмазбек Шаршеновичтин жеке көзөмөлүндө.

— Ички иштер министрлигинде коргоо кеңеши тарабынан жүргүзүлүүчү реформага кандай көз караштасыз? Тажрыйбалуу милиционерлер бүгүн ИИМдеги реформага каршылык билдирип жатканынан кабардарсызбы? Генерал Кашкар Жунушалиевдин ишине канааттанып жатасызбы?

— Укук коргоо органдары тармагын реформалоо – бүгүнкү күндүн талабы. Чындыгында көпчүлүк мезгилде кайталанма кызматтар жашап келе жатат. Тагыраагы, бири-бирин кайталаган ар кандай структуралар ошол эле бизнесмендерди кайра-кайра текшеришип, талаш жагдайлар жаралууда. Инвесторлорго түзүгүрөөк шарттарды түзүп берүү боюнча президентибиз Алмазбек Шаршенович тарабынан жакшы чечимдер кабыл алынган. Азыркы болуп жаткан реформалар менен жалпысынан мен макулмун. Албетте, бир жаңылык киргизип, ишти алдыга жылдырууда сөзсүз тоскоолдуктар болот. Бирөөгө жагат, бирөөгө жакпашы мүмкүн. Бирок эл ишенген коомдук тартипти жана жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоодо биз укук коргоо органдарына жаңы талаптарды коюп, алдыга жылышыбыз зарыл. Ал эми тажрыйбалуу милиционерлердин реформага каршылыгы боюнча менде маалыматтар болгону менен мага жазуу түрүндө кайрылуу түшө элек. Биз сөзсүз кадам таштоодо эскинин жакшы жактарын алып, тажрыйбаларды улантып, жаңыны кабыл алуубуз керек. Ал эми ички иштер министри, генерал Кашкар Жунушалиевди өз кесибинин профессионалы, укук коргоо тармагын терең түшүнгөн жетекчи катары баалайм. Кашкар Жунушалиев кээ бир Бишкектеги кабинеттен чыкпай иштеген жетекчилерден айырмаланып, Ысык-Көл, Баткен облустарына чейин барып, иштеп келген, региондордогу көйгөйлөрдү жеринен билген жетекчи. Өкмөттүн курамында чогуу бир багытты көздөп, иш алып баруудабыз.

— Жакында Кыргызстанда экстремисттер тарабынан ар кандай терракттар болуп кетүү коркунучу бардыгын айрым элчиликтер билдиришүүдө. Бул жагына кандай реакция кылып жатасыздар?

— Өлкө жарандарынын коопсуздугун сактоодо мындай далилсиз билдирүүлөр коомго коркунуч жаратат. Бул билдирүүлөр чыккан соң дароо эле биздин тийиштүү мамлекеттик органдар маселени көзөмөлгө алып, бул маалыматтардын тастыкталбагандыгы айтылды. Мындай билдирүүлөр чыккан соң Жогорку Кеңешке да барып, эл өкүлдөрү тарабынан ар кандай суроолор менен абдан чоң талкуулар болду. Тышкы иштер министрлиги АКШ элчилигинин мындай билдирүүлөрүнөн соң тактама сураганда алар деле түкшүмөлдөгөндөн башка так жооп айта алышкан жок. Кандай болгон күндө да биз мындай маалыматтарга тийиштүү реакция жасадык. Азыр да тиешелүү кызматтарда бул боюнча активдүү иш-чаралар, алдын алуу иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат. Дүйнөдө террордук аракеттер күч алган азыркыдай шартта, бул багытта иштерди тыкыр көзөмөлгө алуу, ар кандай коркунучтарга даяр туруу боюнча тийиштүү иштер тынымсыз аткарылууда.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: