Тажикстан Транспорт министрлигинин делегациясы авиация тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн Москвага сапар алышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда мекеменин башчысы билдирди.
Москва менен Дүйшөмбү азырынча авиациядагы пикир келишпестиктерди жайгара элек. Маселени Бишкекте өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынындагы “көшөгө артындагы” сүйлөшүүлөр учурунда да талкуулашты. Бирок Орусия жана Тажикстандын транспорт министрлигинин өкүлдөрүнүн позициялары дал келген жок.
Тараптар көйгөйдү жакынкы күндөрү чечүүгө үмүт артып жатышат. Бирок Москва 8-ноябрда Тажикстан менен болгон аба байланышын токтотушу мүмкүн экенин эскертти.
Буга чейин Дүйшөмбү Орусиянын быйыл майдан тарта иштеп баштаган Жуковский аэроптортунан учкан учактарды кабыл алуудан баш таркан. Мындан улам Орусиянын Транспорт министрлиги Тажикстан менен болгон аба байланышын бир тараптуу токтотуу маселесин карап жатканын кабарлаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ