Menu

Казакстанда дейди иттер үчүн курулган баш калкалоочу жай тонолду

Бөлүшүү:
Казакстандагы Актау шаарында дейди иттер үчүн курулган баш калкалоочу жайда курулушка керектүү шаймандардын бардыгы уурдалган. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыкты.

Ыктыярчылардын айтымында, алар иттер баш калкалоочу жай кимдер тарабынан тонолгонун билишет, муну далилдей турчу күбөлөр да бар.

“Бир киши менен келишим болгон, ал дейди иттер баш калкалоочу жайды айлантып тосмолорду куруп бүтөрү менен, эмгек акысы үчүн шаймандарды алмак эле. Ошентип биздин демөөрчү чечкен. Ал эркек кишинин жумушу жок болгондктан алар аны аяшкан. Бирок ал эч нерсени бүтүргөн эмес. Эч кимибиз жок болгон күнү, ал тосмодон ашып өтүп, шаймандарды уурдап кеткен.  Анын үстүнө, ал биздин кыйналып жатканыбызды, иттер үчүн баш калкалоочу жайдан киреше акча таппарыбызды, кайрымдуулуктун жардамы менен гана жашаарыбызды жакшы билет. Алгач ал оюнан кайтып, уурдаганын кайтарып берет деп ойлогонбуз, бирок андай болгон жок”, – дейт ыктыярчылар.

Азыр баш калкалоочу жайда эки жүзгө жакын ит бар. Ыктыярчылар жаан жааганга чейин тосмолорду бүтүрө албай калабыз деп кооптонушат, анткени тосмолорду жасоого бир да шайман жок.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: