Menu

Адахан Мадумаров, саясый ишмер: “Көптөгөн эт менен челдин арасында күн көрүп жүргөн кишилерге караганда төөчө бийик инсан”

Бөлүшүү:

Көрүнүктүү саясатчы, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров 60 жашка толду. Бул инсандын коомдогу ордун кандай баалайсыз?

– Мен өзү эч кимге баа бербейин дегем. Ырас сурап калыпсыздар, айтайын. Негизи муну бир тараптуу караган болбойт. Азимбек Бекназаров 2000-жылдардын башында дал ошол Исмаил Исаков менен Бекназаровдордун комитети тарабынан Кыргыз мамлекети менен Кытай мамлекетинин ортосундагы жашыруун келишимди көтөрүп чыкканда булар абдан чоң эр жүрөктүүлүк кылышкан. Анын айынан Аксы окуясы болгон. Ал убакта “Элком sos” деген комитет бар болуп, Төрагасы раматылык Абсамат Масалиевич болчу. Ал кишинин орун басары мен элем. Ал кишини жаңылышпасам 5-январда Жалал-Абадда камап койгондо чоң чуу салып, парламентте ушул маселени көтөрүп, аябагандай чоң деңгээлге чыгаргам. Ошол убакта ар кандай окуялар болгон, анын баарын эстеп олтуруунун кажети жок. Ал убактарда эр жүрөктүүлүк, жигиттик көптөгөн иштер, аракеттер жасалган. Жалгыз эле бир маселенин арасында эмес, көп маселелер талкууланган. Бул кишини депутат катарында өз жашоосунун тарыхында кандай иш жасады, эмнеге кадам жасады десек мына ушул маселенин өзү жетиштүү болот. Адам баласын жашоосунда көп нерсе азгырат. Мен ал жагын айткым келбейт. Бир тараптуу керемет инсан десек да болбойт. Же болбосо таптакыр эле керектен чыгып калган адам десек да болбойт. Көптөгөн эт менен челдин арасында күн көрүп жүргөн кишилерге караганда төөчө бийик инсан. Азимбек Анаркуловичтин мактаарлык жактары дагы бар. Кемчилиги жок жалгыз Алланын элчилери гана, пенде болгондон кийин баарыбызда кемчилик, артыкчылык болот.

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: