Menu

Улукбек Ормонов, ЖКнын депутаты: “Журналисттер саясатчыны коомчулукка таанытууда абдан чоң роль ойнойт”

Бөлүшүү:

— Коомчулукта Улукбек Ормонов деген аттын таанылышына журналисттердин салымы барбы?

— Албетте, журналисттер саясатчыны коомчулукка таанытууда абдан чоң роль ойнойт деп ойлойм. Саясатчынын ачык айтчу оюн элге жеткирет. Коомчулукка көп тааныла албай жүргөн саясатчылардын элге үнү жетээрине дагы журналисттер чоң шарт түзүп беришет. Жалпы Кыргызстандын эли кайсы саясатчы кызыкса ошол саясатчынын эмне жумуш жасап жаткандыгынан баштап, сүйлөгөн сөзүнө чейин калкка тааныштырылып турат. Ошол журналисттердин жардамы менен элге таанылат, билет дегендей. Мен деле дал ушундай тагдырды башымдан кечирип келе жатам. Жыйырма жыл эртең менен келип, түндө чыгып аскердик заводдо иштегем. Өзгөчө 2005-жылы бир мандаттуу округдан депутат болуп шайланып келгенден кийин коомчулукта “бул ким?”- деген кызыктуу маселе турган. Ошол маселени чечип, менин үнүмдү элге жеткирип, тааныштырууда журналисттердин салымы абдан чоң болгон. Учурдан пайдаланып журналисттердин баарына ыраазычылык билдирип, майрамдары менен куттуктап кетейин. Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө ынтымак, ырыскы, бакыт болсун.

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: