Menu

Барган жерин “ириткен” Малабаев

Бөлүшүү:

Аргынбек Малабаевдин алешемдик иштери бүтпөйт экен го. Бул эргул барган жеринин баарын чиритип, ызы-чуусун чыгарып анан баса бергенге көнгөн окшойт. Мына Транспорт министри болуп турганда Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча өткөн тендердин тамтыгын чыгарып, миллиарддаган сом боюнча Жогорку Кеңеште чоң чуу чыккан. Бүгүнкү күндө иликтөө иши дагы деле аягына чыга элек. Көрсө Аргынбек Малабаев барган жерин “ириткенди” адатка айлантып алган тура. Мына “Кыргыз темир жолун” башкарып турганда Казакстандан “ылдамдыгы саатына 120 чакырым, Якутиянын оор климаттык шарттарында сыноодон өткөн жана 53 градус суукта да эч кандай тоскоолдуксуз 40 жыл иштей ала тургандыгы далилденген , жабдуулары  микропроцессордук система аркылуу башкарылат” деп мактап-жактап жатып карызга сатып келген 6 тепловоздун экөө гана иштеп,  калганы Балыкчыга каттаганга да чамасы жетпей, деподо каңкайып токтоп туруптур. Бирөөнүн баасы 5 миллион доллардан делип эсептелген тепловоздордун жалпы суммасы  30 миллионду чапчыйт. Мындай пайдасыз долбоорду Аргынбек мырза жеке кызыкчылыгы үчүн ишке ашырганбы деген суроо туулат. Мына коңшуларыбыз Казахстан жана Өзбекстан ички каттамдарында жогорку ылдамдыктагы поездерди ишке киргизип, миңдеген жумушчу орундарды түзүп темир жол транспорттун өнүгүү жолуна түшүрдү. Туңгуюкта жайгашкан деген Таджикистан жүздөгөн жаңы вагондорду сатып алып, жаңы каттамдарды ачып жатышат. Биздин гана Темир жолдо кыскартуулар, талкалоолор, талап-тоноолор. Көзгө көрүнөөрлүк бир да иш жок.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: