Menu

УИА журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

4-ноябрда Кыргыз Улуттук Илимдер академиясы (УИА) 7-ноябрь маалымат жана басма сөз күнүнө карата Улуттук илимдер академиясы менен тыгыз кызматташып, мекемеде өткөрүлгөн иш-чараларды ырааттуу чагылдырган, илимди коомдо даңазалоодо жана окумуштуулардын илимий эмгектери, алардын өрнөктүү өмүр жолдору тууралуу маалыматтарды коомго кеңири жеткирип жаткан ЖМКлардын кызматкерлерин куттуктоо жана сыйлоо салтанаты болуп өттү. Куттуктоо салтанатына чакырылган жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерине грамоталар, ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

УИА менен тыгыз кызматташып келе жаткан ЖМК өкүлдөрүнүн талыкпас эмгеги, ишмердүүлүгү жөнүндө омоктуу ойлор, каалоо-тилектер айтылып, аларга терең ыраазычылык билдирилди.

УИА Президиумунун башкы окумуштуу катчысы, корреспондент-мүчөсү Чолпонкул Арабаев сөз кезегинде журналисттерди алдыда боло турган майрамы менен куттуктап жатып:

– Журналисттер жөнөкөй тил менен, ыкчам жана тез арада коомдо болуп жаткан окуяларды баяндап берели дешсе, окумуштуулар коомдогу болуп жаткан кубулуштарды, ошонун ичинде жаратылыштагы ар кандай ачылыштарды далилдеп, коомго ачык жеткирип берсек деген ойдо болот экен. Бул эки тараптын окшоштугу десе болот. Ал эми экинчи окшоштугу бул – бюджет, каржы маселеси. Анткени, эки тарапта тең каржынын жетишсиздиги белгилүү. Андан сырткары журналисттер менен илим адамдарынын тыгыз байланышы жөнүндө айтсам – окумуштуулардын эмгегин, ачылыштарын коомчулукка жеткирип берүү журналисттердин колунда экени белгилүү. Эки жак тең мамлекеттин туруктуулугун камсыздаган тармак”, – деп эки тармактын бир максатка кызмат кылаарына токтоло кетти.

Журналисттерди куттуктоо  салтанатында УИА жана андагы илим адамдарынын эмгектери менен иш аракеттерин басма сөз бетинде, онлайн түрүндө жана радио-теледе жарыялап, жарыкка алып чыгуу менен алектенип келе жаткан журналисттер эки тараптуу байланыштар мындан ары да уланаарын баса белгилешти.

– Мамлекет өнүгүп келе жатканда, “”баарынан мурда курсакты тойгузалы, илимди коё туралы дедик, маданиятты коё туралы. Экономика өнүккөндөн кийин гана илимге көңүл бурабыз” дедик. Бирок андай болбойт, эмеспи. Өнүккөн өлкөлөрдүн көбүндө мына ушундай кризистик убакытта илимге көңүл буруп, илим аркылуу бутуна туруп кеткен. Бизде да өнүгүп кетпесек да, элибиз базар экономикасына ыңгайлашты. Эми биз илимди мамлекеттин өнүгүүсүндөгү өз ордуна алып келишибиз керек. Илим мамлекеттин экономикасына, социалдык өнүгүүсүн жакшыртканга көңүл бурушу керек” – деди “Кыргыз Туусу гезитинин” башкы редакторунун биринчи орун басары Мырзакат Тыналиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: