Козголоңчулардын Сириянын демократиялык күчтөрү деп аталган отряды АКШ авиациясынын колдоосу астында Ракка шаарына чабуул башталганын кабарлоодо. Шаар өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топтун башкы борбору болуп эсептелет.
“Сириянын демократиялык күчтөрү” – күрд, араб жана башка аскердик топтордон куралган. “Евфрат каары” аталган операцияга 30 миңдей аскер тартылат. Түркия Раккадагы урушка катышпайт, бирок операция америкалык авиациянын колдоосу менен ишке ашат.
Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан Ракка шаарын 2014-жылы ИМ тобу ээлеп алып, өзүнүн борбору деп жарыялаган. Октябрдын ортосунда сириялык оппозиция түрк армиясынын колдоосу менен Дабик шаарын көзөмөлгө алган. Учурда Мосул шаары үчүн салгылаш жүрүп жатат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ