Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев расмий сапары менен Жапонияга барды.
Назарбаев премьер-министр Синдзо Абэ менен жолугат, президентти Жапония императору Акихито кабыл алат. Казак лидери жапон парламентинде жана “Токай” университетинде сөз сүйлөйт.
Мындан тышкары Токиодо бизнес-форум өтөт. Сапардын акыркы күнү 9-ноябрда Назарбаев Хиросимага барып, өзөктүк куралдан баш тартуу боюнча баяндама жасайт.
Бир жыл мурун жапон премьери Синдзо Абэ Борбор Азиядагы турнесинин алкагында Казакстанга келип кеткен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ