2016-жылдын башына карата Орусиянын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинде” 118 миң кыргызстандык бар экендиги кабарланууда. Аларга Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган же чектөө киргизилген. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын башында 1 487 жаран Орусиянын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө киргизилген тизмеден чыгуу боюнча арыз менен кайрылган. Өтүнүчтөр Федералдык миграция кызматы тарабынан каралууда.
Кыргызстандык жарандарды “кара тизмеден” чыгаруу боюнча 2015-жылы Орусия менен Кыргызстан президенттери макулдашкан. Кийинчерээк тийиштүү ведомстволор келишимге кол коюп, 1-ноябрга чейин мунапыс жарыяланган. Андан соң Орусия амнистия мөөнөтүн белгисиз убакытка жылдырган.
Расмий эмес маалыматтарга караганда, Орусияда миллионго жакын кыргызстандыктар эмгектенет. Алардын жарымы легалдуу эмес жүрүшөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ