Menu

Гүлжигит Исаков, жарандык активист, “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынын мүчөсү: “Ойлогон саясатты, кыстаган саясат жеңип кетүүдө”

Бөлүшүү:

Негизи кыргыз эли акылдуу, дилгир жаштарга бай калк. Бүгүнкү күндөгү технология заманынын өнүккөнүнө карабай изденүүдө, ар дайым ар кандай нерселерге саресеп салып жүргөн жигиттер бар. Бир өкүнүч ушундай жаштарыбыздын үнү угулбаганы. Аларда мыкты идея көп. Бийликтегилер эске албаса дагы калк арасында өз орду бар. Гүлжигит мырза мыкты жаштардын бири, таза адам. Ошол тазалык сакталып калсын деп тилеймин. Ар кыл кызыктырган суроолорум менен маек курдум.

 – Сиз саясатта серепчи болуп жүрөсүз эмне үчүн бийликке умтулбайсыз?

– Саясат – так илим эмес негизи. Көп кырдуу болот жана көп тармакты, жок дегенде, үстүртөн билүүнү талап кылат. Ушул эрежени эске алып, кыргыз саясатына кадам таштадым. Бирок “ойлогон саясатты, кыстаган саясат” жеңип кетүүдө… Саясатка саресеп салганыбыз, эл туура чечимин чыгарып алаар деген ниетти камтыйт. Бийликке катуу умтулбаганым чын, анткени алыстан угуп, билип жүргөн саясатчыларды жакындан тааныганда адам кичине ирээнжий түшөт экен. Бул жерде эл ичиндеги “атактууларды, залкарларды алыстан гана тааныш керек” таризиндеги кеп эске түшпөй койбойт. Мыйзам чегинде, мүмкүнчүлүккө жараша умтулганыбыз ушунчалык эле. Макиавеллисттик жол менен умтула албайм. Кудайдан тилегеним, эгер саясатта мыкты жаңылыкты, өнүгүүнү, элге чын эле кызмат кылууну алып келе алсак анда бизге саясатта ийгиликке жеткир, ал эми башында убадаларды берип алып, кийин бузулуп кеткен саясатчы болсок анда саясатта ийгиликти насип кылбай эле кой деп суранам.

– Кыргызстандагы бүгүнкү саясий абал мамлекетти эмне алып келет деп ойлойсуз?

– Бүгүнкү кырдаалдагыдай тар чөйрөлөрдүн гана тиреши болуп тура берсе, бир топ жылдан бери созулуп келген системдик кризистин негизги себептеринин дагы деле көмүскөдө кала берүү тобокелчилиги турат. Алардын себептерин аныктап, чара көрүүнүн мезгили келип жетти. Алардын алдын алуу арзанга турат. Тез арада кенен коалиция түзүлүп (бир эле парламенттегини айтканым жок), ага коомдогу конструктивдүү оппозициядан дагы компетенттүү адистер тартылып, ЭКОНОМИКАГА басым жасоонун мезгили келди. Бийлик аткаруу бийлигине кадрларды тартып жатканда, лоялдуулук менен эле чектелбей, меритократия эрежелерине дагы таянса коомдогу трансформация ийгиликтүү болуп, башка өлкөлөр коп жылда басып өткөн этапты кыска мөөнөттө жана минималдуу зыян менен аттап өтө алабыз. Саясатты азайтып, саясий көз карашына карабай, компетенттүү кадрларды мобилизациялоо зарыл. Популизмден алыс болуп, экономикага басым жасоонун мезгили келди. Экономиканын начардыгы, жакырчылык, сабатсыздык, ынтымактын жоктугу негизги душмандарыбыз. Калгандарыбыз сураша келсек баарыбыз эле тууган чыгып калабыз.

– Эмне үчүн бизде улуттук баалуулуктар өз күчүн, баркын жоготуп бара жатат?

– Улуттук баалуулуктардын баасын жоготуп бара жатканы бир канча себепке байланыштуу: а) Дүйнөдөгү баардык эле өлкөлөрдө глобалдашуунун таасири менен маданияты, тили, социалдык- экономикалык жактан доминанттуу (басымдуу) өлкөлөрдүн ушул эле көрсөткүчтөрү төмөн болгон өлкөлөргө таасири күчөөдө. б) – Маслоунун пирамидасы боюнча биздин элибиз төмөнкү жактарда. Демек, кара курсак жана башка муктаждыктар менен гана алектенип, улуттук баалуулуктарга анча маани берилбей калууда. в) Муундардын жашоо образы өзгөрүп, тийиштүү түрдө кийинки муундарга баалуулуктар биз каалагандай толук жеткирилбей калууда. Баалулуктарыбызды сактап калуу үчүн тил, маданият, ж.б тармактарында консерватор болуу зарыл.

– Кыргыз саясатчыларынын кемчилиги эмнеде деп ойлойсуз?

– Кыргыз саясатчыларынын баары дебейин, бирок көпчүлүгүнүн кемчиликтери: а) мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө албай жаткандарында, б) тар кызыкчылыкты мамлекеттин кызыкчылыгынан өйдө коюуларында. в) Кызганчаактык кылып, мамлекетти өнүктүргөнгө салым кошо турган акыл-эстүүлөрдү эмес, өздөрүнө гана кызмат кыла турган жана сөздөрүнөн чыкпаган адамдарды жандарына тартууларында. г) сабатсыздыктарын мойнуна албай жаткандарында д) акыркы 25 жылда атайын мамлекет учун кызмат кыла турган мамлекетчилдердин тайпасын массалык жол менен чыгара алышкан жок. Бирин серин мамлекетчилдер болсо социалдык лифт жок тийиштүү жерлерге келе албай жатышат.

– Кыргыз мамлекетин саясатчылар буздубу же элдин пейили жаманбы?

– Мамлекетибиздин турганына шүгүр дешибиз керек. Дүйнөдө мамлекети болбогон канчалаган улуттар бар?! Муну бекем эске түйүп коюу зарыл. Экинчи жактан алып караганда мамлекетибиз бар деп эле жөн отуруп албай, Кыргызстан 2030, 2050 сыяктуу видениелерди ортого коюп, арканды абдан узун таштоо зарыл. Саясатчылар – элдин ичинен чыккандар. Сүт таза болсо, каймак дагы таза чыгат. Сүт ирип кетсе, анда ошого жараша каймак чыгат. Бул эки тараптуу процесс. Бир жагынан, элине жараша башкаруучу чыгат десек, экинчи жактан “балык башынан сасыйт” деген макалыбыз бар. Көч башы кайда барса, көчтүн уландысы дагы ошол жакка барат. Үмүттү эч качан үзбөшүбүз керек, анткени элдин ичинде мыктылар жок эмес. Жаман айтпай, жакшы жок дегендей, элибиз ойдо-ылдыйды көрүп, көп нерсенин кадырына жете баштады. Бул дагы кудайдын буйругу. Түн болбосо, күндүн кадырын кайдан билмекпиз? Баарын жакшы жакка жоруу зарыл. Аракетти дагы токтотпоо шарты менен…

Назира Кулболдиева

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: