Биздин эсибизде. 2005-жылы маркум Рысбек Акматбаевдин бир тууган иниси Тынычбек Акматбаев парламентке депутат болуп келген. Эл өкүлдөрүнүн ичинде анын таасири чоң болчу. Керек болсо, раматылык Тыныч каалаган убагында Жогорку Кеңештин кыйын депутаттарын өз кабинетине чакырып, чогулуш өткөрүп, аягында ар бирине тишелүү тапшырмаларды бергени боюнча аңыз кептер айтылып жүрөт. Ушул эле Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев ж.б. тыңчыкмаларга…
Азыр болсо, дагы бир көлдүк, КСДПдан депутат Данияр Аттокуров шефи Икрам Илмияновдун тапшырмаларын так аткарып, ишенимге бекем кирип, ЖК ичиндеги кайсы адам болбосун, жогору жактын тапшырмаларын айтып, тизгиндөө ишаратына өтүптүр. Данияр мырза керек учурда шефи менен байланышып, “азоо” депутаттарга телефонун карматат экен. Анан аркы жактан таасирдүү авторитеттин үнү угулуп атса, бүтпөгөн маселе болобу? Мына ушундай жүрүшкө маашырланган Данчик күндөн-күнгө шерденип, башкаларга үстөмдүк кылуу жагына ык койгону байкалууда. Маектешин демитип сүйлөгөнгө да үйрөнө баштаптыр. Кечээги сары чийкил бала бүгүн каада күтүп, канатын жайып, кычырай баштады. Мансап деген ушул, адамды өзгөртөт тура. Жогору жакта колдоочусу болсо, анан корчоңдобой жаны жокпу? Ошентип, Аттокуров бүгүн өсүп аткан чагы. Баракелде! Аягы кандай болоорун ким билет?..
Баса, Узарбек Жылкыбаев деген КСДПдан шайланган депутатты билесиңерби? Бу да өзүнчө тыңчыкма катары таанылып келатат. Көрсө, мунун да таасирдүү таянычы бар тура… Кеп кезегин ыңгайы келгенде ачыктайбыз.
Сакен БӨРҮБАЕВ
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ