Menu

Индира Исманкулова, экстрасенс: “Жүрөгү түшкөн баланы өз убагында эмдейли”

Бөлүшүү:

Астрология, нумерология, хиромантия илимин семичкедей чагып, таро жана ленорман картасынын жардамы менен бейтапка төлгө ачкан Индира Исманкулова айым бу жолу баланын бир нерседен корккондо же катуу чочуганда, аны өз убагында кыргызча эле эмдөө жөнүндө айтып берди.

–Биз бир нерседен катуу коркуп, сестенип калган учурда “жүрөгүм түштү” дейбиз. Медицина илими бул кубулушту нервге байланыштырып келет. Аны  дары-дармектер менен дарылоо жагы анча натыйжа бербегенин баарыбыз эле билебиз. Психологиялык жактан жабыркоосу, түн ичинде чочуп ойгонуусу, өң-алеттен кетип, уйкусу качып, дайыма көз алдына бир нерселер көрүнүп, жадагалса кусуп, тамакка болгон табити төмөндөй баштаганы байкалат. Мындай учурда илгерки ата-бабалардын кыргызча эле эмдеп-домдоосуна эч нерсе жетпейт. Ооба, эмчи-домчулар, касиет ыроологон адамдар андайды жөнөкөй эле түрдө жолго салып, жүрөгү түшүп калган баланы мурунку калыбына келтирип коет. Жаш баланы (тили чыга элек) эмчи-домчулар оң колунун сөөмөйүн таңдайына салып, үч жолу көтөрүү менен “ап-ап-ап” деп, ошол эле колу менен далыга үч жолу акырын чаап-чаап коет. Эгер ага болбосо, кадимки эле босого, улагага апкелип, биринчи оң бутунан баш ылдый өйдөдөн төмөн үч жолу, сол бутунан баш ылдый өйдөдөн төмөн үч жолу эмдеп койсо, бала өз калыбына келет. Тили чыгып калган балдарды кадимки ашкана бычагы менен мизин ылдый каратып жүрөгүнүн тушуна апкелип, ылдыйдан өйдө үч жолу көтөрүп, “токто жүрөк, токто!” деп үч жолу айтып, “ап-аптап” койсо, дем тийип, жүрөгү ордуна келип калат. Албетте, мындай ырым-жырымдарды катардагы адамдар кыла бербеши ыктымал. Аны атайын эмчи-домчуларга көрсөтүү абзел. Болгону убакытты создуктуруп ийбеш керек. Андай учурда баланын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, оорукчан болуп калышына себепкер болуп калабыз. Бала сырт жактан жүрөгү түшүп, ыйлап чуркап келатса, үйгө киргизээрден мурда чыныга куюлган сууга бир чымчым туз кошуп, башынан үч жолу айлантып, сууну кишинин буту баспаган жерге чачып ийүү зарыл. Эмдигиде чоң кишилердин жүрөгү түшкөнү тууралуу айтып берем.

Астрология

Нумереология

Хиромантия

Таро, ленорман карталары менен төлгө ачат.

Дареги: Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 8 А. Манас проспектиси менен кесилишкен жерде “Кел-Ал” дүкөнүнүн жаны. Тел: 0772-42-24-88 жана whatsApp 0705-23-03-48

Сурат Жылкычиев

Булак: Азия Ньюс

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: