Menu

Бабырбек Жээнбеков, журналист: “Ушундай сөз эркиндигинин кимге кереги бар?”

Бөлүшүү:

— Президент баш болуп бийликтегилер “башка мамлекеттерге салыштырмалуу сөз эркиндиги бар”-деп дайыма айтып келишет. Кошуласызбы?

— Кандайдыр бир деңгээлде ооба, башка мамлекеттерге караганда сөз эркиндиги бар дегенге кошулам. Бирок башка мамлекеттер деп кимдерди айтып жатабыз? Казакстанды, Өзбекстанды, Түркмөнстанды мисалга тартып жатышат. Бул мамлекеттердин баардыгы авторитардык, тоталитардык өлкөлөр. Аларда сөз эркиндиги деген эч убакта болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан өзүбүздү суверендүү демократиялуу мамлекет деп жаткандан кийин биз ошол демократиялуу мамлекеттерге сөз эркиндигин салыштырып көрбөйлүбү? Салыштыруу болгон жерде биздин сөз эркиндигибиз бар деп кыйкырганыбыз күлкү гана келээрлик нерсе болуп калат. Башка демократиялуу мамлекеттерде батышты алабызбы же чыгыштагы өлкөлөрдү мисалга тартабызбы ал жактарда басма сөзгө чыккан сын пикирлерге кандай маани беришет? Бизде болсо журналисттерге сөз эркиндиги деп берди, бирок ошол сөз эркиндигинен пайдаланып айтып жаткан сын пикирлерди бийлик кабыл алып жатабы же кабыл алган жокпу? Ошондой салыштырсак биздеги сөз эркиндигинин абалын элестеткиле. Эми ушундай сөз эркиндигинин кимге кереги бар? Айтылган сөздөн жыйынтык чыкпаса, сын пикирге бийлик тарабынан реакция жүрбөсө ит үрө берет кербен жүрө берет деген позицияны карманып жатышпайбы? Андай болсо сөз эркиндигинин эмне пайдасы бар, коомго эмне пайда алып келет? Ошондуктан сөз эркиндиги деп мактана бербей сөз эркиндигинин жакшы, алгылыктуу жактары кайсыл болуп жатат? Ошондон кандай жыйынтык чыгууда? Бийлик сөз эркиндигине кандай баа берүүдө? Ушул жагын талкууласак жарашмак. Бул жагынан алганда сөз эркиндиги деп эле бийлик ушул нерсе менен чыныгы жүзүн жашырууда.

Даярдаган Баян Кулова

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: