Menu

Москва менен Ашхабад газдын баасын кайра кароо боюнча арбитраждык жараянды токтотту

Бөлүшүү:

«Газпром экспорт» компаниясы менен «Түркмөнгаз» мамлекеттик ишканасы талашты тынчтык сүйлөшүүлөр менен чечүү боюнча иштердин башталганына байланыштуу арбитраждык жараянды токтотту. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө.

2008-жылдагы каатчылык башталгандан бери «Газпром» сатып алып жаткан түркмөн газынын баасын кайра карап чыгууга аракет кылып келет. 2009-жылдан тарта компания жылына 10 млрд куб метрге жакын газ сатып алып турган. 2015-жылы анын көлөмүн 4 млрд. куб метрге чейин азайтуу ниети тууралуу билдирген.

2015-жылдын июнунда «Газпром экспорт» 2010-жылдан 2015-жылга чейин белгиленген түркмөн газга болгон бааларды кайрадан карап чыгуу арбитражын демилгелеген. «Интерфакстын» булактарынын маалыматы боюнча, анда орусиялык компания ашыкча төлөнгөн $5 млрд каражатты кайтарып берүүнү талап кылган.

«Газпром» 2016-жылдын башынан тарта түркмөн газын сатып алуусун токтоткон.

Өткөн аптада президент Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Орусияга Түркмөнстан мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедов барып келген.

Булак: “Борбор Азия жаылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: