Menu

Динара Молдошева, экс-депутат: “Он үч жыл мурун “издегенимди” тапкам, азыр төрт баланын энесимин”

Бөлүшүү:

Кезегинде айтылуу “Акжол” партиясы аркылуу парламент депутаты катары саясый багы ачылып, кийин өкмөт курамындагы бирин-экин кызматтарды аркалаган бу айым учурда үйүндө бала бакытына туна, энелик доорун сүрүп жаткан чагы. Саясаттан эмес, жөнөкөй соболдорубузга жооп берүүнү каалаган Динара айым менен 8-март майрамын утурлай баарлаштык. Мамлекеттик кызматта жүрүп, соңку убакта үйдө отуруп калган бу айым үчүн майрам күнү гезитке маеги чыкса кандайдыр бир деңгээлде көңүл болот да, туурабы? Баса, бул сапар кичине “чийинден чыккан” соболдорума да каарманым алынын жетишинче жооп узатты.  

— Динара айым, дагы төрөгүңүз келеби?

— Былтыркы жыл биз үчүн жакшы жылдан болду. Төртүнчү уулубуз жарык дүйнөгө келди. Кудайга шүгүр, учурда эки кыз жана эки уулдун бактылуу ата-энесибиз. Ата-эне үчүн мындан артык олжо барбы? Биздин Кудайдан сураган тилегибиз – ушул балдарыбызды жакшы тарбиялап, чоңойтуп, бутуна тургузуп, элибиздин керегине жараган жакшы инсандарды тарбиялап өстүрүү.

— Эми бир чымырканып үчтү төрөп, келечекте Баатыр эне болуу кыялыңызда барбы?

— Баардыгы Кудайдын буйругунан да. Азырынча төртөөнү бутуна тургузалы. Акырындап өзүм да жумушка чыгып, эмгектенип, балдарымдын эртеңки бактылары үчүн эмитен кам көрүш керек дегендей. Калганын убакытка жараша көрө жатаарбыз.

— 8-мартка карата алган эсиңизде калган белегиңиз болду беле? Бул 8-марттан, дегеле жаздан эмнени күтөсүз?

— Жаз – бул өзгөчө жыл мезгили. Жазда бир гана жаратылыштын жаңылануусу эмес, ошол эле учурда адамзаттын да ички дүйнөсүнүн тазалануусу, жаңыруусу да байкалат. Менин аялзат катары жандүйнөгө жылуулук тартуулаган жаздан күткөн тилектерим – бул ата-энелерибиздин чың ден соолугу, балдарыбыздын бактылуу күлкүсү, эл-журтубуздун аманчылыгы, токчулугу, мамлекетибиздин тынчтыгы, өнүгүүсү.  Жыл сайын 8-март күнү менин эң күткөн белектерим – бул балдарым өздөрүнүн колу менен жасаган белектери жана жолдошум мага тартуулаган жазгы гүлдесте.

— Гезит аркылуу сизге карай сүйүүсүн арнаган мырзанын пикири чыкса, анын ким экенине кызыгып, издөө салат белеңиз?

— Жок, болгону ал адамга өз бактысын табууну тилек кылмакмын. Жеке өзүм “издегенимди” 13 жыл мурун эле тапкам. Мага убактылуу жигиттин кереги эмне? Каалабайм…

— Жандүйнөңүздөгү боштукту кантип толтургуңуз келет? Бирөөнү сүйүппү же сүйүү издеппи?

— Андай учурларга кезиге элекмин. Менин жашоомдун маңызы болгон үй-бүлөм, балдарым, жакындарым жана профессионалдык жумушум менен телегейим тегиз деп эсептейм.

— Стервасызбы?

— Жо-ок, өзүмдү антип деле ойлобойм. Балким, мендеги чечкиндүүлүк, ар нерсени аягына чыгарууга умтулуу, орусча айтканда, “упорство, настойчивость” сыяктуу мүнөздөрүмдү кээ бирөөлөр ошого жакындаткан чыгаар. Бирок, аныгында андай деле эмес.

— Депутат, андан соң өкмөттөгү чиновник айым болдуңуз да. Ошондо сиздин даңазаңызга карай айланаңыздагы айымдардын көз карашы кандай болду?

— Ошол учурларда көбүнчө менден улуу эжелер менен иштешкем. Андайда эжекелерим чын дилинен мага ийгилик каалап, таалим-тарбияларын айтышса, кээде эки жүздүүлүктөргө деле кабылган учурлар болгон. Тилекке каршы, бизде мамлекеттик кызмат орундарында айымдар дайыма азыраак, ошондуктан, бири-бирибизди колдоп, жаңы кадрларды өстүрүп, бири бирибизге жардам беришибиз керек.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: